Акыркы кырдаал боюнча Ормуз кысыгы АКШ, Израил жана алардын союздаштары үчүн жабык бойдон калууда. Бул стратегиялык суу жолунан Ирандын уруксаты жок эч бир кеме өтө албайт.
Бул тууралуу Fars News агенттиги кабарлады.
Акыркы маалыматтарга караганда, 350дөн ашык кеме Оман деңизи менен Перс булуңунда токтоп турат. Бул кемелер кыймылсыз турушу керек жана байланыш системаларын өчүрүшү керек.
Токтоп турган кемелер:
🔹25 ири супертанкер;
🔹200 танкер;
🔹70 LNG (суюлтулган жаратылыш газы) жана CNG (кысылган жаратылыш газы) газ ташуучу танкерлер.
Маалыматтарга караганда, бул кемелер Ирандан уруксат алмайынча жолун уланта албайт же портторго кире албайт. Деңиз жолдору толугу менен Ирандын куралдуу күчтөрүнүн көзөмөлүндө.
Ормуз кысыгы — дүйнөлүк мунайдын болжол менен 20, газдын 30 пайызын ташыган өтө маанилүү маршрут. Анын бөгөттөлүшү дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө күйүүчү май кризисин шарттады. Азыркы тапта дүйнөдө күйүүчү майдын баасы өсүп жатат. Февраль айынын аягында АКШ менен Израиль Иранга каршы биргелешкен чабуулдарды жасагандан бери Brent маркасындагы чийки мунайдын бир баррелинин баасы эки жолу 119 доллардан ашты.
26-мартта Иран достук мамиледеги өлкөлөрдүн кемелерине Ормуз кысыгынан өтүүгө уруксат берди. Бул кадам аймактагы энергия коопсуздугун жана дүйнөлүк мунай соодасын камсыздоого багытталган. Tasnim агенттигинин маалыматына ылайык, кысыктан өтүүгө уруксат берилген өлкөлөрдүн тизмесине Россия, Кытай, Индия, Ирак жана Пакистан кирген.



















