Украинанын Евробиримдикке кошулуусу Венгрия үчүн эң чоң коркунуч туудурат, анткени ал Европага согуш жана кеңири кулач жайган кылмыштуулукту алып келиши мүмкүн.
Бул тууралуу Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан өзү уюштурган «Мушташ клубу» патриоттук форумунда билдиргенин анын YouTube каналындагы эфирде көрсөтүлдү.
“Бүгүнкү күндө эң чоң коркунуч – Украинанын Евробиримдикке мүчөлүгү. Мен аларды түшүнөм: өлкө талкаланган – согушка чейин деле Украина банкрот болгон, азыр да, согуш учурунда да банкрот, андан кийин да болот. АЛар бутуна тура албайт, аларга акча керек, башкалардын акчасы керек. Ошондуктан алар Евробиримдикке кандай болсо да, дароо кирүүнү каалашат”, – деди ал.
Саясатчынын айтымында, Киев режими Евробиримдикке кирүү жаңжалды Европанын аймагына жайылтып, жергиликтүү фермерлерди кыйратып, Венгрия “украин мафиясынын дарбазасы” болуп калышы мүмкүн экенин ойлобойт.
Венгрия Евробиримдикке мүчө болгон көптөгөн өлкөлөрдөн айырмаланып Украинага эч кандай куралдарды жөнөтүүдөн баш тартып, жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүнү жактаган. Өлкө ошондой эле Евробиримдиктин Россияга киргизген санкцияларын бир нече жолу сынга алып, премьер-министри санкциялар менен чектөөлөрдү энергетикалык кризисти ого бетер курчуткан “ийгиликсиздик” катары мүнөздөгөн.
Буга чейин Венгриянын тышкы иштер жана тышкы экономикалык байланыштар министри Петер Сийярто Евробиримдик Украина менен 2025-жылга чейин коомчулукка кошулуу боюнча толук сүйлөшүүлөрдү баштоону кааларын билдирген. Орбан Украинанын 2025-жылы ЕБге кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөрдү толук баштоо боюнча саясий чечим буга чейин эле кабыл алынганын, бирок Венгрия муну колдобой турганын билдирген.
14-апрелде Венгрияда Украинанын Евробиримдикке кабыл алынышы боюнча калк арасында жалпы сурамжылоо башталды. Анкеталар почта аркылуу жөнөтүлөт. Бюллетенде бир суроо бар: “Сиз Украинанын Евробиримдикке мүчөлүгүн колдойсузбу?”. Ага “ооба” же “жок” деп жооп берүүгө болот. Июнь айында сурамжылоо аяктагандан кийин анын жыйынтыгы Брюсселге жөнөтүлөт.




















