Россиялык тынчтык орнотуучулар Карабактын кооптуу делген үч районунан беш миңдей кишини эвакуациялады.
Бул тууралуу РФ Коргоо министрлиги билдиргенин РИА Новости жазды.
“Аскердик аракеттер башталгандан бери Россиянын бейпилдик күчтөрү Мардакерт, Мартуни жана Аскеран аймактарынан жай тургундарды эвакуациялады. Тынчтык контингентине беш миңге жакын адам жеткирилди”, — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Ведомстводон белгилешкендей, Россиянын бейпилдик күчтөрү Тоолуу Карабакта милдеттерин аткарууну улантууда. Ошол эле учурда кан төгүүнү болтурбоо жана жарандарга карата гуманитардык мыйзамдарды сактоо, ошондой эле Россиянын бейпилдик контингентинин коопсуздугун камсыздоо максатында Баку, Ереван жана Степанакерт менен тынымсыз өз ара аракеттенүү жүргүзүлүп жатат.
Бардык эвакуациялангандар эс алуучу жай жана ысык тамак менен камсыз кылынган. Россиялык аскер дарыгерлери аларга квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүүдө, деп жыйынтыктады РФ Коргоо министрлиги.
19-сентябрда Азербайжандын Коргоо министрлиги Тоолуу Карабакта “конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү” максатында «антитеррордук операция» баштаганын жарыялаган.
Азербайжандын коргоо министрлиги жогорку тактыктагы куралдарды колдонуу менен Армениянын куралдуу күчтөрүнүн турумдарына сокку урулуп жактанын, жарандык калкка жана инфраструктуралык объектилерге чабуул жасалбаганын билдирген.
Өз кезегинде Армениянын Коргоо министрлиги Тоолуу Карабакта армян аскерлери жок экенин маалымдаган.
Азербайжандын операциясы башталгандан кийин Степанакертте жана чөлкөмдүн башка шаарларында жарылуулар болгондугу кабарланган.
Ереван Азербайжандын аракеттерин “масштабдуу агрессия” деп атап, БУУнун Коопсуздук Кеңешин жана Россиянын бейпилдик күчтөрүн Азербайжандын агрессиясын токтотуу үчүн чараларды көрүүгө чакырды. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү.
Москва Армения менен Азербайжанды согуштук аракеттерди токтотуп, жаңжалды дипломатиялык жол менен жөнгө салууга кайтууга чакырган.
Кечээ, 20-сентябрда Россиянын тынчтыкты орнотуучу контингентинин ортомчулугу менен Тоолуу Карабакта тынчтык келишими түзүлгөнү маалымдалган.




















