АКШнын импорттук бажы төлөмдөрүнө байланыштуу улам курчуп бараткан соода согуштары жана дүйнөлүк мунай рыногундагы белгисиздиктерден улам, Мунай экспорттоочу өлкөлөр уюму (ОПЕК) мунайга болгон дүйнөлүк суроо-талаптын өсүшү боюнча божомолун төмөндөттү. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги уюмдун отчетуна таянып кабарлады.
АКШ менен Кытайдын ортосундагы күчөп жаткан соода-экономикалык тирешүү глобалдык суроо-талапка терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бул тирешүүгө негизги себепчи катары АКШ президенти Дональд Трамп көрсөтүлүүдө — ал Кытайдан алып келинген товарларга болгон бажы төлөмдөрүн 145 пайызга чейин көтөрдү.
Ушул “соода согуштарынын” фонунда ОПЕК 2025 жана 2026-жылдарга карата дүйнөлүк мунайга болгон суроо-талаптын өсүшүн болжол менен суткасына 100 миң баррелге төмөндөтүп, 1,3 миллион баррелге чейин түшүрдү.
Буга чейин ОПЕК+ келишимине кирген сегиз өлкө (анын ичинде Россия, Сауд Аравиясы, Ирак жана Казакстан) өндүрүү чектөөлөрүн тезирээк алып салууга макулдашканын билдиришкен. Май айынан тарта бул өлкөлөр апрель айына салыштырмалуу суткасына 411 миң баррелге көп мунай өндүрө баштай турганы күтүлүүдө.
Мындай чечим дүйнөлүк мунай бааларынын кескин түшүшүнүн фонунда кабыл алынды. ОПЕК бул кадам менен рынокту турукташтырууну көздөөдө.


















