Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз провинциясында банк имаратынын жанында жарылуу болду.
Бул тууралуу Shamshad жаңылыктар порталы жергиликтүү полицияга таянуу менен билдирди.
“Жардыруу кечээ эртең менен саат 8.30да Кабул банкынын алдында болду”, — деп айтылат порталдын билдирүүсүндө.
Окуядан беш киши өлүп, жети киши жарадар болду.
Полициянын маалыматына караганда, жарылуу мамлекеттик кызматкерлер айлык алуу үчүн банктын алдына чогулган учурда болгон.
Теракт тууралуу маалыматты полициянын басма сөз катчысы Жумахуддин Хаксар тастыктады. Өлгөндөрдүн арасында банктын күзөтчүсү, коопсуздук кызматкерлери жана карапайым адамдар бар.
Полиция жардырууну жанкечти жасаганын билдирип, ага ИМ-Хорасан радикалыдык тобу жооптуу болушу ыктымал экенин маалымдады.
Эске салсак, 2024-жылдын 21-мартында Ооганстандын түштүгүндөгү Кандагар шаарындагы “New Kabul Bankтын” филиалында жарылуу болгон. Банктын филиалына жанкечти кол салган. Кол салуудан кеминде 19 адам каза болуп, 20дан ашууну жарадар болгон. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти ИМ террордук тобу өзүнө алган.


















