Ооганстандын Тышкы иштер министрлиги азыркы Талибандын өкмөтүнө дүйнөлүк уюмдан орун берүү өтүнүчү менен БУУга кайрылды.
Бул тууралуу ооган маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Ооган тышкы иштер министринин орун басары Шир Мохаммад Аббас Станекзай Тышкы иштер министрлигинде дипломаттар жана журналисттер менен жолугушууда расмий Кабул “баардык өлкөлөр, анын ичинде АКШ менен позитивдүү мамиледе болууга умтулат” деп билдирди.
“Ислам Эмираты (талибдердин өзүн-өзү атап алган саясий системасы – ред.) бардык өлкөлөр менен кандай гана маселе болбосун кызматташууга даяр. Жараткан Ооганстанга БУУда болобу же башка форумда болобу, өз ордун ээлеп, элибиздин тынчсыздануусун айтып, анын балээсин токтото турган шарттарды түзүп берсин”, – деп дипломаттын сөзүн Tolo телеканалы келтирди.
Станекзайдын айтымында, Ооганстандын убактылуу өкмөтү эч бир мамлекет менен көйгөйү жок жана «бүт дүйнө менен, анын ичинде Орусия, Кытай жана АКШ сыяктуу аймактык, региондон тышкаркы жана глобалдык державалар менен достук мамиледе болууга умтулат».
«Биз ар дайым чоң державаларга Ооганстан эч бир өлкө менен кагылышууну каалабай турганын айтып келгенбиз… Акыркы үч жылда биз менен тыгыз байланышта болгон чыгыш өлкөлөрүнөн тышкары, акыркы убакта Европа өлкөлөрү да Ислам Эмираты менен позитивдүү мамилелерди түзүүгө кызыгуу көрсөттү», – деп кошумчалады Станекзай.
2021-жылдын августунда талиптер бийликке кайтып келгенден бери бир дагы өлкө алардын өкмөтүн расмий тааный элек. Бирок азыркы учурда айрым мамлекеттер аны менен конструктивдүү мамилелерди түзүп, ийгиликтүү кызматташууну жолго коюшууда.
Ооганстандын жаңы бийликтерине БУУда орун бериле элек. Өткөн жылдын декабрынын башында БУУнун Ыйгарым укутарды текшерүү боюнча комитети уюмдагы Ооганстандын ордун азыркы ооган бийлигине бөлүп берүү чечимин кийинкиге калтырып, мурдагы өкмөт тарабынан дайындалган өлкөнүн БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн Ооганстан боюнча өкүлү Насир Ахмад Фаиктин ордун сактаган.
Кабулдун азыркы бийликтери комитеттин бул чечимин мыйзамсыз деп эсептейт.


















