Ооганстандын Куралдуу күчтөрү Пакистандын аскерлеринин өз аймагына жасаган чабуулдарына жооп катары операция баштады. Бул тууралуу “Халид ибн Валид” атындагы 201-армия корпусунун өкүлү TOLOnews Plus телеграм-каналына билдиргенин Tengrinews.kz РИА Новости жана РБКга шилтеме берүү менен маалымдады.
«Ооган өкмөтүнүн күчтөрүнүн Пакистандын күчтөрүнө каршы чыгыш Ооганстандын аймактарында жооп иретиндеги чабуулдары башталды. Азыркы учурга чейин душмандын үч посту басып алынды», — деп айтылат билдирүүдө.
Ооганстандын Коргоо министрлигинин өкүлүнүн маалыматына ылайык, операция Дюранд сызыгы боюнча — Хост, Пактия, Нуристан провинцияларында жана башка бир катар райондордо башталган.
Телеграм-каналдын булактары Ооганстандын аскерлери Нангархар провинциясынын Гората районунда, ошондой эле Кунар провинциясында гипотетикалык чек аранын ары жагындагы Пакистандын күчтөрүнүн сегиз постун басып алганын кабарлашууда.
Өткөн дем алыш күндөрү Пакистан Ооганстанга аба соккуларын жасаган. Исламабад Нангархар жана Пактика провинцияларына сокку урулуп, чек арага жакын жайгашкан жети лагерде пакистандык талибдердин жашыруун жайлары жок кылынганын жана кеминде 80 согушкер жок кылынганын билдирген.
Кабул бул дооматтарды четке какты. Ооганстандын Коргоо министрлиги соккулар диний мектепке жана турак жайларга тийгенин, натыйжада ондогон адамдар, анын ичинде аялдар жана балдар каза болуп, жаракат алганын маалымдады.
Аба чабуулу пакистандык аскерлер тарабынан дүйнө мусулмандары үчүн ыйык болгон Рамазан айында жасалган.


















