Тегерандын өзөктүк программасына байланыштуу кризисти жөнгө салуу боюнча Иран менен АКШнын сүйлөшүүлөрүнүн жаңы этабы Омандын борборунда башталды. Бул тууралуу Fars агенттиги билдирди.
Ирандын Тышкы иштер министрлиги мурда маалымдагандай, Иран делегациясын тышкы иштер министри Аббас Арагчи, ал эми америкалык делегацияны АКШ президентинин атайын өкүлү Стивен Уиткофф жетектөөдө.
“Маскатта Иран менен АКШнын өзөктүк сүйлөшүүлөрү расмий түрдө башталды. Омандын орточулугу менен өтүп жатканкан сүйлөшүүлөргө Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи жана АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткофф төрагалык кылууда”, – деп маалымдагы Mehr агенттиги.
Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы Ирандын өзөктүк программасы болмокчу.
АКШнын делегациясынын курамына Кошмо Штаттардын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгынын башчысы адмирал Брэд Купер да кошулганын The Wall Street Journal (WSJ) гезити америкалык расмий өкүлгө шилтеме берип билдирди.
Бүгүн, 6-февралда АКШ менен Иран Оманда Тегерандын өзөктүк программасы боюнча кыйыр сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатышат. Иран делегациясын тышкы иштер министри Аббас Аракчи, ал эми америкалык делегацияны президенттин атайын өкүлү Стив Уиткофф жетектеди.
Оманга сапарынын алдында Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи X социалдык тармагындагы баракчасында Иран АКШ менен өзөктүк консультацияларды “ак ниеттүүлүк менен” баштай турганын, ошол эле учурда мурдагы тажрыйбаны толук эске алып, өз укуктарын коргоого чечкиндүү экенин жазган.
Аракчи милдеттенмелер урматталышы керектигин, тең укуктуу мамиле, өз ара сый-урмат жана өз ара пайдалуу кызыкчылыктар жөн гана ураан эмес, алар зарылчылык жана туруктуу келишимдин негизи болуп саналарын белгилеген.
Иран менен АКШ буга чейин кыйыр сүйлөшүүлөрдүн беш раундун өткөрүшкөн. Кийинчерээк сүйлөшүүлөр 2025-жылдын июнь айында Израиль, андан соң АКШ Иранга сокку ургандан кийин токтоп калган.


















