АКШ менен Иран өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөрдүн бешинчи айлампасында “толук эмес, бирок белгилүү бир прогресске” жетишти.
Бул тууралуу сүйлөшүүлөрдө ортомчу ролун аткарып жаткан Омандын Тышкы иштер министри Бадр аль-Бусаиди билдирди.
“Бүгүн Римде АКШ менен Ирандын ортосундагы бешинчи айлампа сүйлөшүүлөрү аяктады, анда “толук эмес, бирок белгилүү бир прогресске” жетишилди. Калган маселелерди жакынкы күндөрү тактап алабыз деп үмүттөнөбүз, бул бизге туруктуу жана татыктуу келишимге жетишүү боюнча жалпы максатыбызды көздөй жылышыбызга мүмкүндүк берет”, – деп жазган ал өзүнүн X баракчасында.
ISNA агенттигинин маалыматына ылайык, Римдеги сүйлөшүүлөрдө Иран делегациясын тышкы иштер министри Аббас Аракчи, ал эми америкалык делегацияны президенттин атайын өкүлү Стивен Уиткофф жетектеди. Консультациялар Омандын элчисинин резиденциясында өттү.
Америкалык делегациянын курамында Мамлекеттик департаменттин саясатты пландоо боюнча директору Майкл Энтон, ал эми ирандык делегациянын курамында тышкы иштер министринин орун басарлары Мажид Тахт-Раванчи жана Казем Гарибабади жана Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эсмаил Багаи да болду.
АКШ менен Иран 12-апрелден бери Омандын ортомчулугу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Америкалык тарап Ирандын ядролук объектилеринде уранды байытуудан толугу менен баш тартуусун талап кылууда. Иран өзүнүн ядролук программасы тынчтык максатында экенин, уранды байытуу деңгээлин жөнгө салууга даяр экенин, бирок андан толук баш тартууга ниети жок экенин билдирүүдө.
Иран менен АКШ Омандын ортомчулугу менен буга чейин төрт жолу кыйыр сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн. Төртүнчүсү 11-майда Оман өлкөсүндө өткөн. Анын жыйынтыгында Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи тараптардын позициялары жакындашканын жана “сүйлөшүү процессинде жылыш бар экенин” билдирген. Ошол эле учурда ал Иран АКШ менен ишенимди түзүү үчүн
Тегеран менен Вашингтондун кыйыр сүйлөшүүлөрүнүн биринчи жана үчүнчү айлампасы 12 жана 26-апрелде Оманда, экинчиси 19-апрелде Римде өткөн. Сүйлөшүүлөргө Иран тараптан Тышкы иштер министрлигинин башчысы, америкалык тараптан АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф катышууда.
2015-жылы Иран менен АКШ, Франция, Германия, Улуу Британия, Кытай, Россия өзөктүк келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Тегеран уран байытууну чектеп, буга жооп катары Иранга киргизилген экономикалык санкциялар алына баштаган. Бирок 2018-жылдын май айында Дональд Трамп президент болуп турганда АКШ келишиминен чыгып, Тегеранга каршы санкцияларды калыбына келтирген. Буга жооп катары Иран келишим боюнча милдеттенмелерин этап-этабы менен кыскартканын жарыялаган.


















