ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан унааларга байланышкан алдамчылык фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын август айында Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жергиликтүү тургун кайрылып, анын унаасын алдоо жолу менен ээлеп алган чала тааныш адамга чара көрүүнү суранган.
Маалым болгондой, ага июль айынын орто ченинде белгилүү бир «унаа баалоочу» кайрылып, ишенимге кирип, алдамчылык жолу менен 20 миң долларлык «Киа Спортейдж» үлгүсүндөгү унаасын ээлеп алып, аз убакыттын ичинде төлөп берүүнү убада кылган. Бирок ал чет элдик унааны үчүнчү жактарга (айрым маалыматтарда 16 миң АКШ долларына) кайра сатып, изин жашырып кеткени белгилүү болгон.
Топтолгон материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «Алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголгон. Бул кылмыш ишинин алкагында ИИМдин КИИББдин 2-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын натыйжасында билим берүү мекемелеринин биринин мурдагы окутуучу, мугалим Б.Б. Бишкек шаарынын аймагында кармалды.
Соттун чечими менен кармалган адамга карата эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.
Учурда мыйзамсыз аракеттерге катышкан башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда. Кармалган адамдын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.
Жогорудагы адамдын алдамчылык аракеттеринен кандайдыр-бир маалыматы бар же жапа чеккен жарандар ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына 0700171732, 0555011717 телефон номурлары аркылуу кайрылууну суранабыз.