Флорида университетинин окумуштуулары сальмонеллезге каршы вакцинаны иштеп чыгууда чоң ийгиликке жетишти. Бул оору эң коркунучтуу азык-түлүк инфекцияларынан болуп саналат.
Изилдөө Infection and Immunity (IAI) илимий журналында жарыяланды.
Сальмонеллез көбүнчө бузулуп калган тамак-аш, суу аркылуу же инфекцияланган жаныбарлар менен байланыш аркылуу жугат. Бул инфекция 5 жашка чейинки балдар, кары адамдар жана иммунитети начарлаган адамдар үчүн өзгөчө коркунучту. Антибиотиктерге туруктуу бактериялардын штаммдары көйгөйдү күчөтөт.
Окумуштуулардын командасы вакцинаны кичинекей клеткалар аралык везикулалар (sEV) аркылуу жеткирүү үчүн инновациялык ыкманы колдонду.
Бул майда бөлүкчөлөр клеткалар тарабынан өндүрүлүп, бактериалдык белокторду ташыйт жана тирүү бактерияларды киргизбей, иммунитетти жогорулатат. Вакцина алгач келемиштерге мурундан киргизилип, тесттен өткөрүлдү. Эксперименттер жаныбарларда сальмонеллоздун тифоздук эмес штаммдарына каршы коргоону камсыз кылган антителаларды түзүүгө жардам берди.
“Бул изилдөө sEV’дин вакциналарды жеткирүүдө коопсуз жана натыйжалуу жол катары мүмкүнчүлүгүн көрсөтөт”, – деди изилдөөнүн негизги автору Мариола Ферраро.
Окумуштуулардын кийинки кадамдары – sEVдин иммундук системадагы ролун жана аны салттуу вакцинация ыкмаларына салыштырмалуу артыкчылыктарын изилдөө.



















