АКШдагы иммигранттар январда президент болуп келчү Дональд Трамптын массалык депортация кылуу боюнча убадасынан коргонууга азыртадан аракет көрө башташты. Бул тууралуу New York Times гезити жарыялаганын РИА-Новости басылмасы жазды.
Макалада – шайлоодо жеңип чыккан Д.Трамптын: “өлкөгө кирген миллиондогон мыйзамсыз мигранттарды массалык депортациялоо программасын ишке ашыра турганын, бул жаатта өзгөчө абал киргизип, керек болсо аскердик ресурстарды да колдонуу” ниети бар экенин билдиргени айтылат.
Ошондуктан учурда мигранттар миграциялык багытта иш алып барышкан юристтер менен активдүү байланышып, бул жааттагы темаларды көтөргөн коммерциялык эмес уюмдардын ар кандай жыйындарына катышып, маалымат топтоп жатышат. Адамдар Трамптын убада кылган массалык депортация программасынан коргонуу үчүн бардык чараларды көрүшүүдө.
“Грин-картасы бар адамдар АКШнын мүмкүн болушунча тезирээк жараны болууга аракет кылышса, юридикалык статусу так эмес же өлкөгө мыйзамсыз киргендер башпаанек алууга арыз калтырышууда. Документ кароодо болсо дагы бул аларды депортациядан сактап калышы мүмкүн”, – деп жазган басылма.
Ошондой эле, АКШ жарандары менен жарандык никедеги мигранттар алар менен тезирээк мыйзамдуу никеге турууга аракет кылышууда. Мурдараак NBC News жазгандай, эгер Трамптын мыйзамсыз иммигранттарды массалык депортациялоо планы ишке ашса, анда АКШда кеминде 4 миллион үй-бүлө бири-биринен ажыратылышы мүмкүн.
Массалык депортациялар темасы Трамптын шайлоо кампаниясынын негизин түзгөн. Биринчи мөөнөтүндө ал Мексика менен чек арага дубал курууга Пентагондун каражаттарын багыттоо үчүн өзгөчө кырдаал киргизген болчу.
Ал эми азыр ал мыйзамсыз мигранттарды, анын ичинде АКШнын жарандыгын алгандарды да массалык түрдө чыгаруу үчүн армияны да колдонууну пландаштырып жатат. Анын масштабы абдан чоң экени айтылган, т.а. Трамп Кошмо Штаттардагы болжол менен 11 миллион мыйзамсыз иммигранттарды чыгарууга ниеттенүүдө.
Мигранттарды өлкөдөн чыгаруу долбоорунун алкагында Трамп 1798-жылы кабыл алынган “Чет элдик душмандар жөнүндө” мыйзамды колдонууну сунуштаган. Анда касташкан мамлекеттер менен байланышы бар чет элдик жарандарды өлкөдөн чыгаруу каралган. Бул категорияга, Трамп душман деп эсептеген өлкөлөр мисалы, Орусиянын, Кытайдын жана Түндүк Кореянын жарандары кирет.
Массалык депортациялардан тышкары, Трамп качкындар-шаарчаларын каржылоого бөгөт коюуну, мусулман өлкөлөрүнөн келген адамдардын саякат кылуусуна жана алардын саясатка аралашуусуна тыюу салуу мыйзамын калыбына келтирүүнү, башпаанек сурагандардын иши каралып жатканда, алардын АКШда калышына жол бербөөнү пландаштырууда.















