АКШ-израилдик душмандын чабуулуна каршы баатырдык менен туруштук бергени үчүн Иран Ислам Республикасынын аймактагы жана жалпы ислам дүйнөсүндөгү мусулмандар арасында аброю кескин өсүп жаткан шартта, израилдик режим «жалган желек» тактикасын колдонууга чечим кабыл алды.
Алар Кудс күнү жакындап калганда Аль-Акса мечитине дрон же ракета менен чабуул жасап, бул чабуул үчүн Иранды жана каршылык фронтун айыптоону пландап жатышат.
Ушуга байланыштуу израилдик режим кечээтен бери Аль-Акса мечитинин айланасында жашаган жөөт тургундарын акырындап көчүрө баштаганы айтылууда.
Ирандын Чалгындоо министрлигиндеги маалыматы бар булак бул «ыплас кутумдун» ачыкка чыккандыгын билдирип, Нетаньяху тобу бул шайтандык планды ишке ашыруу аркылуу арабдарды жана жалпы мусулмандарды Иран Ислам Республикасына каршы коюуну көздөп жатканын кошумчалады.
Ошондой эле бул булак дүйнөдөгү бардык мусулмандар жана эркиндикти сүйгөн адамдар кылмышкер израилдик режимдин аракетине каршы чыгып, жасалма режимге жана анын батыштык колдоочуларына керектүү эскертүүнү бериши керек экенин белгиледи.


















