Израиль Газадан кетүүнү каалаган палестиналыктарды ал жерден көчүрүү үчүн атайын департамент түздү, бирок кабыл алуучу өлкөлөр керек, мындан улам Израил тарап бул боюнча иш алып барууда.
Бул тууралуу Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.
“Биз аларга (Газа тилкесинин жашоочуларына – ред.) кетүүгө мүмкүндүк бере турган башкармалык түздүк, бирок бир көйгөй бар: бизге кабыл алуучу өлкөлөр керек. Биз азыр мунун үстүнөн иштеп жатабыз”, – деген Нетаньяхунун билдирүүсүн премьер-министрдин кеңсеси тараткан.
Анын айтымында, эгерде Газанын жашоочуларына кетүүгө мүмкүнчүлүк берилсе, алардын жарымынан көбү кетет. Бирок Газа тилкесинде ХАМАС кыймылы болбойт деп кошумчалады ал.
Нетаньяху ошондой эле Израил жакынкы күндөрү Газа тилкесиндеги аскердик операциясын бүтүрүү үчүн “толук күч менен” киришерин, бул ХАМАС кыймылынын жеңилишин билдирет деди.
“Жакынкы күндөрдө (Газа тилкесиндеги) операцияны бүтүрүү үчүн толук күч менен баштайбыз. Операцияны аяктоо ХАМАСты басуу, жок кылуу дегенди билдирет”, – деди ал.
Нетаньяху Израиль Газа тилкесинде согушту токтотпойт тургандыгын, бир аз убакытка элдешүү мүмкүн болушу экенин, бирок алар аягына чейин барышарын белгиледи.
Эске салсак, 4-февралда АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтон Газа тилкесине узак мөөнөттүү ээлик кылуу жана ал жерден палестиналыктарды аймактагы башка мамлекеттерге көчүрүү маселесин карап жатканын биринчи жолу жар салган. Тиешелүү билдирүүнү ал АКШга сапары менен барган Нетаньяху менен биргелешкен маалымат жыйынында жасаган. Израил бийликтери бул сунушту колдоп, башка жол жок деп, палестиналыктарды көчүрүү пландарын даярдай башташкан.
Трамптын позициясын Газа тилкесин көзөмөлдөгөн ХАМАС кыймылы гана эмес, араб өлкөлөрүнүн жана Ирандын лидерлери да сынга алышкан. Египет февралдын башында Газаны реконструкциялоо боюнча АКШ президентинин көз карашына альтернатива болгон жана палестиналыктарды анклавдан чыгарууну камтыбаган өз планын даярдай турганын жарыялаган. Документ 4-мартта Араб Лигасынын саммитинде сунушталып, ал бир добуштан жактырылып, 12-мартта АКШ президентинин атайын чабарманы Стив Уиткоффко Дохада бир катар араб өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери менен жолугушуусунда да көрсөтүлгөн.
Ушул айдын башында Израил эки айга созулган элдешүүдөн кийин 18-мартта анклавдагы аскерий операцияларды кайра баштагандан кийин Газа тилкесин толугу менен басып алуу жана аны белгисиз мөөнөткө басып алуу планын жактырган.


















