Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун БУУнун Башкы ассамблеясындагы сөзү көптөгөн өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн каршылыгына туш болду — ал залга кирген учурда көптөгөн делегациялар чыгып кетип, зал кыйла бош калды.
2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа секторунда чабуулдарды уюштуруп, гуманитардык жардамдын жетишине тоскоолдук кылып, гуманитардык кырдаалды жараткан Нетаньяху БУУнун 80-Башкы ассамблеясында катуу сынга кабылды.
Нетаньяху сөз сүйлөө үчүн залга киргенде көптөгөн өлкөлөрдүн өкүлдөрү чыгып кетип, зал дээрлик жарым-жартылай бош калган.
Имараттын кире беришинде нааразычылык билдиргендер делегацияларга: «Эмне үчүн Нетаньяхуну угууга баратасыңар?» — деп суроо узатышты.
Газа секторундагы чабуулдарын улантып, геноцидге алып келген аракеттеринен улам эл аралык басымга туш болуп жаткан Израил премьер-министри нааразылыктардан улам сөзүн баштай албай калды. Сөз сүйлөп жаткан маалда да залда ызы-чуу угулуп турду.
Нетаньяху сүйлөп жатканда ирандык делегация Израилдин Иранга каршы чабуулдарынан курман болгон жай тургундардын сүрөттөрүн үстөлгө калтырып, залдан чыгып кетти.
Ал Ирандын аскердик ядролук потенциалын кайра жанданышына жол бербестигин айтып коркутуп, БУУнун Коопсуздук Кеңешин Иранга каршы санкцияларды кайра киргизүүгө чакырды.
Ошондой эле ал Сирия менен коопсуздук келишимине жетишүү боюнча сүйлөшүүлөр мүмкүн деп ишене турганын айтып, Ливанды Израилдин дээрлик күн сайынкы чабуулдарына карабастан тынчтык сүйлөшүүлөрүнө чакырды.
Нетаньяху Газада 65 миңден ашуун палестиналык курман болгон чабуулдарды «геноцид болгон жок» деп актай кетти.
Ал Израил армиясына анын БУУдагы сөзүн Газадагы колонкалар аркылуу түз эфирде угузууну буйруду, ошондо палестиналыктар, анын ичинде туткундагы израилдиктер аны угууга тийиш болчу.
Бирок Нетаньяхунун сөздөрү Газадагы мобилдик телефондор аркылуу да угулду деген дооматты жергиликтүү маалымат булактары четке какты.

















