Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Непалдын айрым аймактарында, анын ичинде борбор калаасы Катмандуда өтүп жаткан нааразычылык акцияларына байланыштуу Непалда жүргөн жана бул өлкөгө барууну пландап жаткан кыргызстандыктарга жеке коопсуздук чараларын сактоого чакырды.
Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
ТИМ 9-сентябрда тараткан билдирүүсүндө Кыргызстандын жарандарын, ошондой эле Непалда убактылуу жүргөн туристтерди жеке коопсуздукту камсыз кылуу максатында эл көп чогулган жерлерге барбоого жана ар кандай массалык иш-чараларга катышуудан баш тартууга чакырды.
Ошондой эле, мекеме Непалга сапар пландап жаткан жарандарга өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды эске алууну жана зарыл болбогон учурда сапарды убактылуу жылдырууну сунуштады.
Непалдын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандары консулдук жана шашылыш байланыш маселелери боюнча төмөндөгү “түз линияларга” кайрыла алышат:
- КР ТИМдин Консулдук департаменти +996 999 312 002 жана Кыргызстандын Индиядагы Элчилиги +91 92894 00944 (WhatsApp).
Непалдагы кырдаал
Непал өкмөтү 4-сентябрда Facebook, Instagram жана WhatsApp платформаларына чектөөлөрдү киргизген. Бул платформалар өлкөнүн байланыш жана маалымат технологиялары министрлигинде белгиленген мөөнөттө каттоодон өткөн эмес.
8-сентябрда Катманду жана Непалдын бир катар ири шаарларында миңдеген демонстранттардын катышуусунда массалык нааразылык акциялары башталган. Өкмөт тартипти камсыздоо үчүн борборго аскерлерди жөнөтүп, чектөөсүз коменданттык саат киргизген. Азыркыга карата 22 киши каза болуп, 500дөн ашык адам жаракат алды.
Нааразылык акциясынын негизги катышуучулары студенттер жана Gen-Z жаштар кыймылынын активисттери болушту.
9-сентябрда нааразылык акцияларынын фонунда өкмөт социалдык тармактарга салынган чектөөнү алып салды. Премьер-министр Шарма Оли отставкага кетип, аны өлкө президенти кабыл алды.
Непал (расмий аты – Непал Федеративдик Демократиялык Республикасы) – Түштүк Азиядагы мамлекет, Гималай тоолорунун борбордук бөлүгүндө, Индустан жарым аралынын түндүк бөлүгүндө жайгашкан. Түндүктө Кытай, түштүгүндө Индия менен чектешет. Калкы 29,7 миллион (2024-ж.), анын жарымынан көбү непалдыктар, ошондой эле жалпысынан 100дөн ашык этникалык топтор жашайт. Калктын 80%га жакыны индуизм динин карманат.

















