Украинанын Орусия менен болгон жаңжалда жеңилиши НАТОго кошумча триллиондогон доллар чыгым алып келет, деп билдирди альянстын баш катчысы Марк Рютте Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумда (WEF) сүйлөп жатып.
Ассошиэйтед Пресс Рюттенин төмөндөгүдөй сөзүн келтирет: “Эгер Украина утулса, НАТОнун калган бөлүгүнө тоскоолдукту калыбына келтирүү үчүн биз азыркы учурда чыгашаларыбызды жана өнөр жай өндүрүшүбүздү көбөйтүү жагынан карап жаткандан алда канча кымбатыраак болот”.
Ал бул “кошумча миллиарддаган доллар эмес, кошумча триллиондогон доллар” болорун баса белгиледи. Анын айтымында, Украинанын батыш тарапкерлери өлкөгө колдоо көрсөтүүнү кыскартпай, кайра күчөтүшү керек.
Рютте батыш өлкөлөрү XXI кылымда “бир өлкөнүн башка өлкөгө басып кирип, аны колониялаштыруу аракетине жол бере албайт”,- деди.



















