Нарын шаарынын кире беришиндеги “As A Nomad” этнокомплексинде өткөн “Кыргыз шырдагы XIII” эл аралык фестивалында нарындык уз чеберлердин колунан жаралган кооз шырдак 400 миң сомго, аукционго коюлга таш кордо 300 долларга сатылды.
Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Фестивалга Япониянын, Өзбекстандын, Казакстандын элчиликтеринен, КР Маданият министрлигинен, КР Соода-өнөр-жай палатасынан, Ага Хан өнүктүрүү уюмунан жана башка эл аралык уюмдардан өкүлдөр, республикабыздын бардык аймактарынан кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, маданият жана искусство кызматкерлери, көркөм өнөр буюмдарын өндүрүү менен алектенген жеке ишкерлер катышты.
Фестивалдын алкагында “Кыргыз шырдак”, “Мурас шырдак” кароо-сынактары, “Жаш уздарды тандоо” сынагы, “Устат-шакирт” чебер-класстары өткөрүлүүдө. Мындан сырткары улуттук тамак-аш, буюм-тайымдардын көргөзмөлөрү уюштурулуп, улуттук оюндардын үлгүлөрү, чоң программадагы майрамдык концерт көрсөтүлдү. Фестивалга 70тен ашык кол өнөрчүлөр келип, 300дөн ашык шырдактар коюлду.
Анын алкагында, Нарын районунун уз айымдарынын колунан жаралган өзгөчө шырдакты Казакстандан келген коноктор 400 миң сомго сатып алды.
Мындан тышкары, туристтер үчүн Салкын-Төр эс алуу аймагына промо-тур уюштурулуп, туристтер атайын даярдалган аттар менен Салкын-Төр аймагынын төрүнө чейин барып, жаратылыш коюнунда эс алышты.
Конокторго “Бай-Төр” ресторанынын ашпозчулары “таш кордо” улуттук тамагынын даярдалышын мастер-класс кылып көрсөтүп беришти. Даярдалып, аукционго коюлган “таш кордону” Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидеки Года 300 долларга сатып алды.
Иш-чарага жалпы 1000ден ашык адам катышса, алардын 170и чет элдик туристтер болду.
Фестивалдын жыйынтыгында кароо-сынакка 230дан ашык шырдак коюлуп, мыкты шырдак аныкталып, мыкты деп табылган уздардын эмгектерине акчалай сыйлыктар жана дипломдор тапшырылды.
“Мурас шырдагы” номинациясы боюнча баш байге Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылынын тургуну Гүлсүн Калыковага ыйгарылды. Ал кайынэнеси 1933-жылы жасаган шырдакты 90 жылдан бери сактагандыгы үчүн 30 000 сом байгеге ээ болду.
Ал эми “Инновациялык шырдак” номинациясына Жумгал районунун Куйручук айылынын тургуну Нурай Эсенканованын чакмак шырдагы татыктуу деп табылып, 40 000 сом ыйгарылды.
“Мыкты шырдак” деп Кочкор районунан келген уз Сайкал Ниязованын шырдагы бааланып, 50 000 сом байге алды.
Мындан тышкары “Мыкты ала кийиз” номинациясында Талас облусунан келген уз Кымбат Байматованын кол эмгеги жеңүүчү деп табылып 12 000 сом байге берилди. Тандалган эмгектер өлкөнүн музейлерине коюлмакчы.
Ошондой эле ондон ашык кол өнөрчүлөргө 1000 сомдон 10 000 сомго чейинки акчалай сыйлыктар ыйгарылды.
Фестивалдын жалпы байге фонду 300 миң сомду түзүп, бул каражатты КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги каржылады. Мындан сырткары КР Соода-өнөр-жай палатасы 40 миң сом өлчөмүндө колдоо көрсөттү.
“Кыргыз шырдагы XIII” эл аралык фестивалы гала концерт менен жыйынтыкталды. Келген көрүүчүчүлөргө жергиликтүү жана борбор калаадан келген эстрада ырчыларынын концерттик программасы тартууланды. Соңунда фейерверктер атылып, дискотека менен жыйынтыкталды.