Тартип коргоо органдары, сот, прокуратура кызматкерлери МЫЙЗАМды бузбаса, жарандардын укуктары тебеленбесе, адамдар ак жеринен күйбөсө, МАМЛЕКЕТтин коргоосун, колдоосун сезсе “караларга” эч ким кайрылбайт, алардын актуалдуулугу өзүнөн өзү жок болот.
Алар аныкталган бир анча-мынча иштер, мисалы, мыйзамсыз курал сатуу, баңги сатуу, казино сыяктуу иштер менен гана алектенип калышы мүмкүн…
Экинчи маселе, черныйлар менен саясаттагылардын кызматташтыгы. Саясий жеке амбициялары үчүн мыйзамдуу атаандаштыкка бара албай, акчанын күчүнө салып, ыплас технологияларга өтүп, “караларды” крыша кылып, атаандаштарын коркуттуруп, шайлоо участокторун көзөмөлдөтүп, күрсүйгөн балдардын күчү менен шайлоо участокторун каалашынча бийлегендер кечээки шайлоолордо эле орун алганын билебиз…
Ошондуктан, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин “кара дүйнөгө” каршы саясаты жогорку эки жагдайдагы кескин реформалар менен коштолууга тийиш. Кыргызстан бийликтегилердин МЫКТЫ ИШТЕШИ менен катар МЫЙЗАМДЫН МЫКТЫ ИШТЕШИ аркылуу өнүгүүсүн камсыздай алса, анда бул адамдар чыныгы УЛУТТУК ЛИДЕРГЕ айланышат!
Жок, МЫЙЗАМдан биринчи КҮЧ үстөмдүгү иштеп кала турган болсо, анда бул жолдун аягы туман болот. Күчкө күч табиятта табылып калышы, күчтүн да бир алсыраган күнү болушу мүмкүн. Анда эле элге кыйын болот. Өч алуулар башталат, эсептешүүлөр жүрөт, кундар куулат…
Андыктан, негизинен коомчулук оң кабылдап жаткан азыркы окуяларда бийликти колдойм жана анын аягы мен ойлогондой жыйынтыкталса экен деп тилейм. Коомчулукту да “караларга” каршы маанайда болуп, аларды жектеп, ачыктап, үч “черныймын” деген келсе эле “Тикосун” тарттырып ийип отуруп калбай, шпаналарды келген жерде жыга чаап, күч органдарына салып берип, активдүү болсо деген пикирдемин…
Тынчтык Алтымышев.
(макала автордун Фейсбуктагы барагынан алынды жана өзгөртүүсүз берилди).