Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкекке кыска мөөнөттүү иш сапары менен келген Пакистандын вице-премьер-министри, тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар менен жолугушту.
Алар Улуттук госпиталда дарыланып жаткан пакистандык студенттерден кабар алууга чогуу барышты.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар түзүлгөн түз жана туруктуу өкмөттөр аралык байланыштын аркасында акыркы окуялар, салттуу достук кыргыз-пакистан мамилелерине доо кетире албастыгына канааттангандыгын билдиришти.
«Бул кризис эки бир тууган мамлекеттин жакындыгын жана өз ара ишенимин сынады. Биз эки өлкөбүздүн дагы да жакындашуусуна эффективдүү чараларды көрүү үчүн бардыгын жасашыбыз керек» – деди Эдил Байсалов. Ал сүйлөшүү учурунда Мухаммад Исхак Дарды Кыргызстандагы чет элдик студенттерге жылуу-жумшак мамиле болооруна, жакында болгон окуяга күнөөлүүлөрдүн баарын жоопко тартылаарына ишендирди.
Тараптар маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык чөйрөлөрдө кызматташтыкты бекемдөө боюнча бир катар биргелешкен кадамдарды белгилешип, эмгек миграциясы маселелерин мамлекеттер аралык жөнгө салуу зарылчылыгы боюнча өз ара түшүнүштү.
Эскерте кетсек, пакистандык жарандар менен кыргыз жаштарынын ортосундагы 13-майда болгон чырдын натыйжасында 18-майда масштабдуу мушташ орун алган. Жыйынтыгында чет өлкөлүктөрдүн 30га чукулу ар кандай жараат алып, айрымдарына медициналык жардам көрсөтүлгөн. Ал эми, пакистандык студенттердин 500дөн ашыгы мекенине чыгып кетсе, калган студенттер окуусун улантып жатышат.
Учурда бул окуяга тиешеси бар күнөөлүлөр укук коргоо органдары тарабынан кармалганы кабарланууда.






















