6-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Ташкент шаарында уюштурулган Парламенттер аралык бирликтин кезектеги жыйындарынын алкагында Пакистандын сенатынын төрагасы Сайед Юсуф Раза Гиллани менен жолугушту.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелери талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду.
“Мамлекеттер аралык байланыштарыбыз жылдан-жылга бекемделип, Ислам кызматташтык уюму, Шанхай кызматташтык уюму өңдүү эл аралык жана аймактык бирикмелердин алкагында да тыгыз иш алып барып келебиз. Бирок эки өлкө ортосундагы өнөктөштүктү өрчүтүүгө багытталган мүмкүнчүлүктөрүбүз толук пайдаланыла элек. Дүйнөдөгү кырдаалды, анын ичинен геосаясий өзгөрүүлөрдү, экономикалык жана экологиялык көйгөйлөрдү эске алуу менен кызматташтыкты өнүктүрүүбүз кажет”, – деди Нурланбек Тургунбек уулу.
Төрага ошондой эле тараптардын өз ара байланыштарды кеңейтүүдө парламенттик дипломатиянын ролу чоң экендигине жана мыйзам чыгаруу жаатында тажрыйба алмашууга гана өбөлгө түзбөстөн, эки тараптуу өнөктөштүктүн жаңы багыттарын ачууга жардам берет деген пикирин билдирди.
Муну менен катар билим берүү тармагындагы кызматташтык жигердүү уланып, учурда 18 миңден ашуун пакистандык студент Кыргызстанда билим алып жатканын белгиледи.
“Биз башка тармактарда да өнөктөштүктү кеңейтүүгө даярбыз. Айрыкча энергетика, айыл чарба, саламаттыкты сактоо жана туризм тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруубуз кажет. Бул үчүн транспорттук-логистикалык жана түз аба каттамдарын ачуу маселелерин чечүү менен соода байланыштарын тереңдетип, экономикалык мамилелерибизди өнүктүрүү зарыл”, -деди ал.
Ал эми Пакистандын Сенатынын төрагасы Сайед Юсуф Раза Гиллани Пакистан мамлекети үчүн Кыргызстан Борбор Азиядагы негизги өнөктөш өлкөлөрдүн бири экенин белгиледи.
“Биз бардык тармактар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдарбыз. Айрыкча соода жүгүртүүнүн көлөмүн көтөрүп, ишкердик чөйрөнүн кызматташтыгын калыптандырууга аракет кылабыз”, – деди Сайед Юсуф Раза Гиллани.
Пакистандык студенттердин Кыргызстандагы биримдигинин эсебинде, Кыргызстанда 20 миңге жакын пакистандык студент билим алат. Алар өлкөгө жылына 40 млн доллардай киреше алып келет деп эсептелет.
Буга чейин Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда баш-аягы 59 миңдин тегерегиндеги чет элдик студенттер билим алышат. Алардын 28 миңи медициналык факультеттерде окуйт. Пакистандан келген студенттердин саны 12 миңден, Индиядан келгендер 14 миңден ашуун.


















