Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2024-жылдагы ажылар үчүн жайкы кемсел тигүүчүлөр ортосунда (физикалык жана юридикалык жактар) конкурс жарыялайт.
Муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, документтерди кабыл алуу 2023-жылдын 13-ноябрынан 29-ноябры, саат 17:00гө чейин жүргүзүлөт. Мөөнөтүнөн кеч берилген арыздар каралбайт. Ал эми конкурс 5-декабрда өтөт.
Тигүүчүлөргө коюлган талаптар:
- Ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын төрагасынын (УРШ) атына арыз;
2. Конкурстун катышуучуларынын документтеринин көчүрмөсү;
3. Лицензиянын (патенттин) көчүрмөсү;
4. Чыгашасыз ишмердигинин далили катары акыркы үч жылдагы өкүлдүк орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн бухгалтердик баланстын оригиналынын бардык тиркемелери менен сканирленген көчүрмөсүн берүү;
5. Конкурска катышуучунун экономикалык кылмыштар боюнча соттолбогондугу (КР ИИМдин жазуу түрүндөгү маалыматы менен тастыкталат);
6. Конкурска катышуучу менен кардардын ортосунда кызыкчылыктар кагылышынын жоктугу. Мындайча айтканда, кардардын жетекчисинин, конкурсту өткөрүү боюнча конкурстун мүчөсү же башкалардын тууганчылык мамиледе болбоосу (уюмдун бланкына жетекчинин колу коюлган кат аркылуу тастыкталат);
7. Тигүү ишканаларынын рыногунда конкурстун катышуучусунун акыркы 3 жылдагы иши жөнүндө тастыктоочу финансылык документтер;
8. Реквизиттер;
9. Зыяратчылар (эркектер жана аялдар) үчүн форма кийимдеринин үлгүсү;
10. УРШ мүчөлөрү (эркектер жана аялдар) үчүн форма кийимдеринин үлгүсү;
11. Ажылардын тапочкалары жана буюмдары үчүн сумкалардын (рюкзактардын) үлгүсү.
Конкурс тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн муфтияттын төмөнкү дарегине кайрылса болот: Бишкек ш, Жолу-Көчөсү 234/3.
Байланыш телефону: 0778/0708 48-61-67, электрондук дареги: muftiyat.hajj@mail.ru



















