Кыргызстандын муфтийи Замир кары Ракиев интернет булактарында сакал коюп, аялдардын ич кийимин кийип алып, видео тарткан эркек балдарды сынга алды.
Муфтий ошондой эле соцтармактарда бирөөнүн сүрөтүн коюп алып, атын колдонуп, жалган маалымат таратып бирөөлөрдүн ишенимине кирип, ири суммадагы акчасын алдап алып алган шылуундарга да кайрылды.
Буга чейин Муфтият социалдык тармактарда муфтий Замир кары Ракиевдин атын колдонгон жалган маалыматтар тарап жатканын билдирип, андай жалган маалыматтарга ишенбөөгө чакырган.
Эске салсак, мурдарак Жогорку Кеңештин депутаттары Тик-Ток тиркемесиндеги видеолорду катуу көзөмөлгө алуу керектигин айтып чыгышкан.
Эл өкүлү Шайлообек Атазов Тик-Ток жаш муундарга терс таасир тийгизип жатканын билдирген.
Ал эми депутат Таалайбек Масабиров Тик-Токто ич кийимин башына чейин кийип алган видеолор бар экенин айтып, Маданият министрлиги тиркемедеги видеолорду көзөмөлгө алууну сунуштаган.