Ирандын Жогорку лидери Можтаба Хаменеи АКШ менен түзүлгөн меморандумду даярдоодо маанилүү роль ойноду.
Бул тууралуу Ирандын президенти Масуд Пезешкиан билдирди.
«Биз Жогорку лидерге Ирандын улуттук кызыкчылыктарын камсыз кылууга багытталган меморандумга жоболорду киргизүүдө чоң роль ойногон жетекчилиги үчүн ыраазыбыз», – деп жазган Иран президенти Х соцтармактагы баракчасына.
Пезешкиандын айтымында, интенсивдүү сүйлөшүүлөрдөн кийин Ирандын Жогорку Улуттук Коопсуздук Кеңешинин дээрлик бардык мүчөлөрү Вашингтондун Ирандын укуктарына урмат-сый менен мамиле кылууга канчалык даяр экенин иш жүзүндө текшерүүгө багытталган меморандумду колдошту.
Иран менен АКШ 15-июнга караган түнү меморандум боюнча иштер аяктаганын расмий түрдө тастыкташкан. Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча Жогорку кеңешинин катчылыгы Тегеран менен Вашингтон өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун текстин даярдоо иштерин толугу менен аяктаганын ырастаган.
Документке 19-июнда Швейцарияда кол коюлушу күтүлүүдө.
Иран тараптын билдирүүсүнө ылайык, меморандум бардык багыттардагы аскердик аракеттерди токтотууну, анын ичинде Ливандагы жаңжалды да жөнгө салууну карайт. Мындан тышкары, Иранга карата деңиз блокадасы дароо жана толугу менен жоюлат.



















