“Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасы автобустардагы төлөмдү көзөмөлдөө үчүн контролерлорду жумушка чакырат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
“Эмгек акысы күнүнө 1500 сом жана ар бир саткан «Тулпар» карталары үчүн 10 сом каралган”, – деп айтылат маалыматта.
Буга чейин контролерлордун эмгек акысы 1200 сом деп сунушталып жаткан.
Бардык суроолор боюнча төмөнкү номерлерге кайрылууга болот:
“Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасы 0312 531789, 0702 087760.
Белгилей кетсек, Бишкекте 30-январдан тарта коомдук транспортто жаңы тарифтер күчүнө кирди. Ага ылайык, автобус жана троллейбуста жол кире “Тулпар” картасы менен 17 сом, накталай 20 сом, MegaPay сервиси аркылуу 11 сом, менчик автобус жана маршруткаларда 20 сом.




















