Франциянын Париж шаарында өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова күмүш байгеге, Жоламан Шаршенбеков коло медалга татыды.
Жуманазарова 7-августка караган түнү финалдык таймашта кыз-келиндер арасындагы күрөшүнөн 68 кг чейинки салмакта америкалык Эмит Элор менен кез келип, жыйынтыгында 0:3 эсебинде жеңилүү ызаасын тартып калды.
Спортчу финалга чейин 5-августта үч беттеш өткөрүп, 1/8 финалда монголиялык Делгермаа Энхсайхан (8:3), 1/4 финалда япониялык Нонока Озакини (8:6), жарым финалда нигериялык Блессинг Оборудуду атту спортчуну 3:1 эсебинде утуп алган.
Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшүндө 60 килограмм салмакта коло үчүн беттеште ирандык спортчу Мехжи Мохсен Нежадды 3-1 эсеби менен утуп алды.
Балбан жарым финалда япониялык Кеничиро Фумитага 4:3 эсебинде жеңилип калган. Ага чейинки баскычтарда казак балбаны Айдос Султангалини, кийин румыниялык Арнаут Рэвзанды жеңген.
Белгилей кетсек, бүгүн, 7-августта кыргызстандык 3 спортчу килемге чыгат. Акжол Махмудов менен Үзүр Жусупбеков коло байге үчүн көңүл жубатуучу беттеш өткөрүшсө, Амантур Исмаилов өзүнүн салмагында биринчи беттешке чыгат.
Мелдештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.




















