Бүгүн, 28-мартта жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:50дө, Мьянманын Сагайн аймагында күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө катталды. Өлкөнүн Геологиялык кызматынын маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Мандалай шаарынан 17 чакырым аралыкта, 10 чакырым тереңдикте жайгашкан. Бул окуядан кийин 6,4 баллдык күчтүү афтершок (жер титирөөнүн кайталануусу) да жүз берди. Ушул эле жаратылыш кырсыгы Тайландда оор кесепеттерди алып келди.
Мьянмадагы кырдаал:
Жер титирөөнүн кесепетинен өлкөнүн Мандалай шаарында бир нече имараттар урап, олуттуу зыянга учурады. Беш кабаттуу имараттын көз алдында урап түшкөнүн көрүшкөн жергиликтүү эл коркуп калышты. Турак жайлардан сырткары, мечиттер жана чиркөөлөр сыяктуу диний жайлар да зыянга учураган. Сагайн аймагындагы 90 жылдык тарыхы бар көпүрө кыйраган. Нейпьидо шаарында жолдордо жаракалар пайда болуп, ал жакта да турак үйлөр менен диний имараттар жабыркаган.
Алгачкы келген маалыматтарда айтылгандай, Мьянмада кеминде 10 адам каза болду, андан сырткары, Мандалайдагы мечитте дагы 10 адамдын сөөгү табылганы кабарланды. Нейпьидо шаарында жаракат алган адамдар ооруканага жеткирилген. Жергиликтүү бийлик жана куткаруучулар жабыркагандарга жардам көрсөтүү аракетин жасап жатышат.
Ал эми Таунггу шаарында мектеп урап түшкөндөн кийин 20дан ашуун бала урандынын астында калып кеткени кабарланды. Yangon Times басылмасынын маалыматына ылайык, учурда куткаруучулар балдарды алып чыгууга аракет кылып жатышат. Басылма белгилегендей, Welu Wan мектеби жер которгон адамдар үчүн баш калкалоочу жай катары колдонулуп келген.
Жаратылыш кырсыгынан Мандалай аэропорту ишин токтотту. Социалдык тармактарда чыккан видеолорго караганда, жүргүнчүлөр катуу жабыркаган аэропорттун залдарынан качып чыгышып, учактын учуп-конуу тилкелерине өтүп кетишкен.
Таиланддагы кырдаал:
Бангкок шаарында 30 кабаттуу мамлекеттик мекеменин курулушу урап, 43 жумушчу урандылар астында калган. Тайланддын Улуттук Өзгөчө кырдаалдар медицина институтунун маалыматына ылайык, кеминде бир адам каза болуп, ондогон жумушчулар куткарылган. Жергиликтүү тургундар жана туристтер дүрбөлөңгө түшүп, көчөлөргө качып чыгышкан. Бангкокдо метро жана жеңил автоунаа кызматтары убактылуу жүрбөй калды, ал эми Тайланддын фондулук биржасында соода токтотулган.
The Times басылмасы жазгандай, өлкөнүн премьер-министри Пэтонгтарн Шинаватра расмий сапарын токтотуп, кырдаал боюнча шашылыш жыйын өткөрдү жана Бангкокто өзгөчө кырдаал киргизди. Ал эми Мьянма бийлиги да кырдаалды көзөмөлдөп, жабыркагандарга жардам көрсөтүүдө.
Эл аралык коомчулук…
Ал эми Кытайдын Юньнань провинциясында да жер титирөөнүн күчү сезилип, Руйли шаарында үйлөр зыянга учурап, адамдар жаракат алышкан. Индиянын Дели-Улуттук борбордук аймагында жана Вьетнамдын Ханой жана Хошимин шаарларында да титирөөлөр сезилип, адамдар имараттардан эвакуацияланышканын Рейтер агенттиги жазды.
Ал арада Индия Мьянма менен Таиландга 7,7 баллдык жер титирөөдөн кийин “керек болгон бардык жардамды” көрсөтүүгө даяр экенин премьер-министр Нарендра Моди Х баракчасына жазды. Индия сыяктуу бир катар башка мамлекеттер да “жардам колун сунууга даяр” экендиктерин жарыялашууда.
Кыргызстандагы жер титирөө
28-мартта таңкы саат 04:42де Казакстандын аймагында күчү 5,5 магнитудага жеткен жер титирөө катталып, анын күчү Талас облусунда 4-5 баллга чейин сезилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кырсыктын кесепеттерин тактоо иштерин жүргүзүп, аймакта дубалдарынан жарака кеткен 17 үйдү каттоого алышты.
Жабыркаган үйлөрдүн көбү 1970-жылдары салынган жер тамдар экендиги белгиленди. Ал эми кийинчерээк курулган үйлөрдө олуттуу зыян байкалган эмес. Кээ бир үй ээлери убактылуу коңшуларынын жана туугандарынын үйлөрүнө көчүп чыгышкан.
Жер титирөө Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарында жана Бишкек шаарында да болжол менен 4 баллга чейин сезилди. Учурда бул аймактарда да ӨКМ адистери тактоо иштерин жүргүзүүдө.
Жалал-Абад облусунун Аксы районунда да 28-мартта таңкы саат 07:17де күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталып, айрым айылдарда 2,5 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Даярдаган: А.Белеков






















