Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 2-октябрда Дохага жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Катардын Эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Бул тууралуу өзбек президентинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, тараптар «саясий диалогду бекемдөө, соода-экономикалык, инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү жана маданий-гуманитардык алмашууну активдештирүү» маселелерин талкуулашты.
Июнь айында Катардын эмири Өзбекстанга эки өлкөнүн тарыхында биринчи жолу жогорку деңгээлдеги сапар менен келген. Мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрүндө кызматташтыкты “ар тараптуу өнөктөштүк” деңгээлине көтөрүү боюнча макулдашууга жетишилген. Катар эмири келген күнү Өзбекстандын президенти Катардын жарандары үчүн 30 күндүк мөөнөткө визасыз режим киргизүү тууралуу жарлыкка кол койгон.
Май айында Ташкентте Катардын элчилиги ачылган. Ал эми Дохада Өзбекстандын элчилиги Шавкат Мирзиёевдин сапарынын алдында ачылды.
Өзбекстандын президенти менен Катардын эмири соода көрсөткүчтөрүн жогорулатууга, салттуу жана “жашыл” энергетика, мунай химиясы, металлды кайра иштетүү, айыл чарба, курулуш, туризм жана финансы тармактарда биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.
Ишкердик байланыштарды активдештирүү үчүн 2024-жылдын январында Доха шаарында биргелешкен Өкмөттөр аралык комиссия менен Ишкер кеңешин уюштуруу жана алардын алгачкы жыйындарын, ошондой эле эки өлкөнүн бизнес форумун өткөрүү сунушталды. Ошондой эле Дохада Өзбекстандын маданият жана туризм жумалыгын өткөрүү боюнча да келишим түзүлдү.
Глобалдык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер да талкууланды. Трансафган темир жолун куруу долбоорунун практикалык жылышына колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди. Тараптар Ооганстанда тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн ооган элине гуманитардык жардам көрсөтүүнү улантуу маанилүү экендигине макул болушту.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кызматташтыктын ар кыл багыттарын камтыган бир катар документтерге кол коюлду:
- Өкмөттөр ортосундагы туризм жана ишкердик иш-чаралар чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Соода-өнөр жай палаталарынын ортосунда биргелешкен ишкер кеңеш түзүү жөнүндө макулдашуу;
- Өзбекстандын Реконструкциялоо жана өнүктүрүү фонду менен Катардын инвестициялык агенттигинин ортосунда инвестициялык кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу меморандуму;
- Өзбекстандын Коррупцияга каршы агенттиги менен Катардын Административдик көзөмөл жана ачыктык башкармалыгынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Өзбекстандын президентине караштуу Улуттук социалдык коргоо агенттиги менен Катардын Социалдык өнүктүрүү жана үй-бүлө министрлигинин ортосунда;
- Ички иштер министрликтеринин ортосундагы меморандум;
- Өзбекстандын Адам укуктары боюнча улуттук борбору менен Катардын Адам укуктары боюнча улуттук комитетинин ортосундагы меморандум;
- ошондой эле Өзбекстандын Дин иштери боюнча комитети менен Доха эл аралык диндер аралык диалог борборунун ортосундагы меморандум.