Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Россиянын лидери Владимир Путиндин Өзбекстанга сапарын тарыхый деп атады.
“Сиз кайра шайлангандан кийин дал биздин өлкөгө (визит менен) келип жатасыз. Бул Өзбекстан менен Россиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин азыркы жогорку деңгээлин жана өзгөчө мүнөзүн айгинелейт. Сиздин мамлекеттик сапарыңызды тарыхый деп атаса болот”, – деди Мирзиёев Путин менен Ташкенттеги кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө.
Мирзиёевдин айтымында, Путиндин сапары эки өлкөнүн ортосундагы «ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелериндеги жаңы этаптын башталышын билдирет».
Өзбек лидери белгилегендей, бүгүнкү күндө орус-өзбек кызматташтыгы болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлге чыгып, «мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнүн бардык багыттарын жана чөйрөлөрүн камтыйт».
Россиянын президенти Владимир Путин Мирзиеев менен болгон сүйлөшүүлөрдү конструктивдүү деп атады.
Белгилей кетсек, Путин Ташкентке кечээ, 26-майда кечинде барган. Эки күндүк сапар менен келген Россия лидерин аба майдандан Мирзиеев өзү тосуп алган.
Эки тараптуу жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр Өзбекстандын президентинин «Куксарой» резиденциясында өттү. Лидерлер алгач тар чөйрөдө баарлашып, андан соң эки өлкөнүн делегацияларынын катышуусунда жолугушуу кеңейтилген курамда уланды. Жалпысынан орус-өзбек сүйлөшүүлөрү үч саатка жакын созулду.
Бул Путинтин кызматка киришкенден кийинки экинчи чет элдик сапары болду. 16-17-майда биринчи чет элдик сапары менен Кытайга барган.



















