УКМК тарабынан микрокредиттик, микрофинансылык уюмдардын жана күрөөканалардын үстөк пайызын төмөндөтүү боюнча масштабдуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билирди.
Андагы билдирүүгө ылайык, калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу максатында УКМК тарабынан микрокредиттик, микрофинансылык уюмдардын жана күрөөканалардын пайыздык ченемдерин төмөндөтүү боюнча масштабдуу иш-чаралар жүргүзүлдү.
Бул иштин алкагында кээ бир аффилиацияланган юридикалык жактардын тобу (МКК, МФК жана күрөөкана) тарабынан “скоринг” деп аталган жол менен ашыкча пайда алуунун туруктуу схемасы түзүлүп, анын натыйжасында кредиттер боюнча реалдуу пайыздар жылына 300гө жеткени аныкталды.
2023-жылдын 29-декабрында көрүлгөн чаралар менен жогоруда аталган аффилиацияланган компаниялардын өкүлү “А.Э.З.” бул схема карыз алуучулардын эсебинен ашыкча пайда алууга мүмкүндүк берерин мойнуна алды, ага ылайык, компенсация катары мамлекеттин эсебине 90 миллион сом түштү.
Учурда Мамкомитет тарабынан бул багытта иш уланып, ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу боюнча чаралар көрүлүүдө.
УКМКнын демилгеси менен Экономика жана коммерция министрлигине караштуу финансы рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы “Күрөөканалардын иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбооруна бир катар кошумча өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңештин экинчи окуусуна алып кирүү милдетин алды.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети “Сүткорлук ишти чектөө жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү” тууралуу мыйзам долбоорун кароо боюнча Жогорку Кеңештин Аппаратынын, Улуттук банктын, Банктар ассоциациясынын жана УКМКнын өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү демилгесин көтөрүүдө.
















