Миграция боюнча Эл аралык уюм (МОМ) дүйнө жүзү боюнча 100дөн ашык өлкөдө ыктыярдуу кайтуу программаларын колдоп, анын ичинде АКШдан өз өлкөсүнө кайтууну каалаган, бирок өз алдынча бара албаган мигранттарга жардам көрсөтөрүн билдирди.
Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун расмий сайтына жарыяланды.
«Жардам берилген ыктыярдуу кайтып келүү – бул глобалдык миграциялык тутумга туш болгон мигранттарга өз жашоосун кайра көзөмөлгө алууга жардам берет», – деп айтылат маалыматта.
Уюм АКШдагы көптөгөн мигранттар үчүн реалдуулук өтө оор экенин белгилеп, ресурстардын жетишсиздиги, татаал бюрократиялык процедуралар жана юридикалык статуска ээ боло албоо маселелери бар экендигин, ошодой эле ыктыярдуу кайтуу программасы бул адамдарга үйгө кайтуу жолун тандоо мүмкүнчүлүгүн сунуштарын кошумчалаган.
Мындан тышкары, АКШнын өзүнүн миграциялык саясатын өзү аныктарын, бирок уюм депортациялык процесстерге катышпастыгын билдирди.
«Биз адам өз ыктыяры менен жана аң-сезимдүү түрдө жардам алууга макул болгондо гана катышабыз»,- дейт уюм өзүнүн билдирүүсүндө.
Мындан тышкары мигранттарга эл аралык стандарттарга ылайык ишенимдүү маалыматка, кызматтарга жана колдоолорго мүмкүнчүлүк берет.
Буга чейин бир жума мурун АКШнын ички коопсуздук министрлиги мыйзамсыз жүргөн мигранттар үчүн «өзүн-өзү» депортациялоо программасын иштеп чыкандыгын жарыялаган. Ал программага ылайык, АКШда мыйзамсыз жүргөндөр өздөрү чыгып кетүү ниетин билдирсе, аларга акча каражатын төлөп беришет.
«Эгер сиздер бул жакта легалсыз жүрсөңүздөр, өзүн-өзү депортациялоо бул эң жакшы, коопсуз, экономикалык жактан да жеңил жол, камалып да калбайсыздар», – деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
АКШнын Ички коопсуздук министрлиги өздөрү өлкөдөн чыгып кеткен мигранттарга 1000 доллар стипендия төлөп берерин жана акчаны алар өз өлкөсүнө баргандан кийин алышарын билдирген. Бул жол менен алардын келечекте АКШга барууга мүмкүнчүлүгү болот.
АКШ мындай жол менен мыйзамсыз жүргөн мигранттарды өлкөдөн чыгарууга кеткен каражатты да үнөмдөмөкчү.
Азыр мыйзамсыз жүргөн бир мигрантты кармоо, камоо жана өлкөдөн чыгаруу бир кишиге 17121 доллар турат. Ошону менен легалсыз мигранттарга кетчү чыгым 70 %га кыскарарын кошумчалаган.
Эске сала кетсек, мыйзамсыз миграция менен күрөшүү президент Дональд Трамптын шайлоого чейинки убадаларынын бири.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 1-майында Нью-Йорк–Ташкент–Бишкек багыты боюнча уюштурулган чартердик каттам аркылуу Кыргызстандын 20 жараны депортация болгон.



















