Үчүнчү күнү 91 миң жол кире накталай эмес жол менен төлөндү
Эскерте кетсек, жүргүнчүлөргө накталай эмес төлөмдөрдүн төмөнкү түрлөрү сунушталат:
?Үч категориядагы Тулпар карталары
?Байланышсыз VISA жана Элкарт карталары
?Тулпар, Mbank, Megapay, Balance, O!Деньги мобилдик тиркемелеринде QR сканерлөө
? Виртуалдык NFC картасы
3 күндүн ичинде 80 миңден ашык карта сатылды.
Мындан тышкары, Тулпар карталарына суроо-талаптын жогорулашына байланыштуу стандарттуу көк карталарды жеткирүү иштери улантылууда.
Белгилей кетүүчү жагдай, шаар бийлиги 20-августан баштап муниципиалдык коомдук транспорттордо накталай эмес төлөм системасын киргизген. Ага ылайык, мындан ары жүргүнчүлөр “Тулпар” картасы же банктык төлөм карталар менен гана жол кире төлөй башташты.
“Тулпар” системасы эки жыл ичинде ишке киргизилди. Долбоорду 2020-жылдан бери швейцариялык BPC KG компаниясы ишке ашырууда.



















