Түркия коңшу Иранда башаламандык болуусун каалабайт жана бул өлкөнүн ички иштерине тышкы кийлигишүүгө каршы.
Бул тууралуу Түркиянын бийликтеги “Адилеттик жана өнүгүү” партиясынын төрагасынын орун басары жана расмий өкүлү Өмер Челик билдиргенин түрк ЖМКлары кабарлашты.
«Биз коңшу Иранда башаламандыкты каалабайбыз. Тышкы кийлигишүү андан да терең кризистерге гана алып келет», — деди Челик журналисттерге партиянын Аткаруу комитетинин жыйынынан кийин. Жыйын Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын төрагалыгы алдында өткөн.
«Иран — биздин коңшубуз. Биз кырдаалды абдан кылдат көзөмөлдөп жатабыз. Биздин негизги тынчсыздануубуз — боордош иран эли жапа чекпеши жана кыйынчылыктарга кабылбашы. Иранда көйгөйлөр бар экени айкын. Бул көйгөйлөрдү иран коомчулугу жана иран мамлекети өз күчү менен чечиши керек. Тышкы кийлигишүү өтө терс кесепеттерге алып келмек», — деп кошумчалады бийликтеги партиянын төрагасынын орун басары.


















