Fox News телеканалы АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп президент Владимир Путинге күйөөсү аркылуу жолдогон «тынчтык катынын» текстин жарыялады.
Катта ал бардык балдардын сүйүүгө, коопсуздукка жана мүмкүнчүлүктөргө умтуларын белгилеген.
«Ата-эне катары биз кийинки муундун үмүтүн тарбиялоого милдеттүүбүз. Лидер катары биз бардык балдар үчүн келечекти камсыз кылууга жооптуубуз», — деп жазган биринчи айым.
Ал кошумчалагандай, ар бир өмүр башталган тазалык жана наристелик географиядан, саясаттан жана идеологиядан жогору турат. Бирок бүгүнкү дүйнөдө айрым балдар өз келечегин тартып алууга кудуреттүү күчтөргө үнсүз каршы турууга аргасыз.
«Урматтуу Путин мырза, алардын шаңдуу күлкүсүн кайтарып бере ала турган жалгыз сизсиз», — деп белгилеген Мелания Трамп.
Анын айтымында, бул балдардын наристелик айкөлдүгүн коргоо үчүн РФ лидеринин бир эле калем шилтөөсү жетиштүү.
Алдыңкы күнү Мелания Трамп күйөөсү аркылуу Путинге кат тапшырган. Reuters маалымдагандай, анда Украинадагы куралдуу жаңжалдан улам балдардын уурдалып кетиши жөнүндө сөз болгон. Биринчи айым аткылоолорду токтотууну өтүнгөн болушу мүмкүн экени айтылган.
Батыш медиасы Меланиянын Украинага болгон кызыгуусун анын «темир көшөгөнүн» артында жашаган тажрыйбасы менен байланыштырууда. Аны Владимир Зеленскийдин «күтүлбөгөн союздашы» жана Ак үй башчысына олуттуу таасир тийгизе алган адам деп аташты.
Мурда маалымат каражаттары Трамп, Путин жана Зеленский саммитинин болжолдуу датасын аташкан.


















