Мексиканын президенти Андрес Мануэль Лопес Обрадор Орусия президенти Владимир Путин өлкөгө келсе, аны камакка алуу боюнча украин бийликтеринин өтүнүчүн четке какты, деп билдирет Reuters.
Путин 1-октябрда боло турган Мексиканын жаңы президенти Клаудиа Шейнбаумдун инаугурациясына чакыруусу тууралуу кабардан кийин Украинанын Мексикадагы элчилиги Facebook социалдык тармагына аны камакка алууга чакырган катын жарыялады.
«Мексика өкмөтү Владимир Путин украиналык балдарды уурдап, Орусияга мажбурлап депортациялаган деп шектелген согуш кылмышкери экенин билет деп үмүттөнөбүз, аны камакка алуу Эл аралык кылмыш соту тарабынан чыгарылган, анын юрисдикциясын Мексика тааныйт», — деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.
Мексиканын азыркы президенти пресс-конференцияда мындай билдирүү жасады: «Биз муну кыла албайбыз (камакка алуу). Бул бизден көз каранды эмес.”
















