Ысык-Көлдө өткөн “Мейкин Азия – 2025” эл аралык жаш музыка аткаруучулардын фестивалынын жыйынтыгында, баш байге — Гран-прини румыниялык ырчы Стынчуляша Мария-Диана жеңип алды. Ага сыйлык катары 8 миң АКШ доллары тапшырылды. Анын профессионалдуу аткаруусу, күчтүү үнү жана сахнадагы өзгөчө образ жаратышы жогорку баага татыды.
Ал эми 1-орунду Кыргызстандын атынан чыккан таланттуу ырчы Урмат Сатыбалдиев жеңип алды. Ага 5 миң АКШ доллары берилди. Сатыбалдиевдин улуттук нуктагы ырды заманбап стиль менен айкалыштырып аткаруусу көрүүчүлөрдүн да, калыстар тобунун да купулуна толду.
Экинчи орун төмөнкү эки ырчыга ыйгарылды:
– Кыргызстандык Камир;
– Беларусь Республикасынын өкүлү Виталий Дроб.
Үчүнчү орунду төмөнкү үч аткаруучу бөлүп алышты:
– Македониядан келген Полина Тасева;
– Түркиялык Эже Ата;
– Өзбекстандык Таджиев Тулкин.
Салтанаттуу аземде жеңүүчүлөргө дипломдор, сертификаттар жана баалуу белектер тапшырылды.
Ошентип, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында чоң салтанат менен өткөн «Мейкин Азия-2025» эл аралык музыка фестивалы жыйынтыкталды. Бул иш-чарага Азия жана Европанын бир нече мамлекеттеринен келген таланттуу аткаруучулар катышып, ар түрдүү жанрдагы ырларды аткарышып, көрүүчүлөрдү жана калыстар тобун таасирленте алышты.
Уюштуруучулар быйылкы фестиваль мурдагы жылдарга салыштырмалуу географиялык жана маданий жактан да кеңейгенин белгилешти.
“Мейкин Азия” — бул жөн эле сынак эмес, бул маданий көпүрө, элдердин достугун, тынчтыгын жана чыгармачыл өнөктөштүктү чыңдаган эл аралык деңгээлдеги сахна болуп калды.
Быйыл фестиваль 20-22-июль күндөрү Чолпон-Ата шаарында болуп өтүп, ага Азия жана Европанын 25 өлкөнүн жаш таланттары катышты. Гала-концерт жана сыйлык тапшыруу аземи менен жыйынтыкталган бул музыкалык иш-чарада дүйнөлүк жана жергиликтүү ырчылар сахнага чыгып, көрүүчүлөргө көркөм программа тартуулашты.
4-жолу өткөрүлгөн аталган салтанатка президент Садыр Жапаров жана Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух да күбө болушту.
“Мейкин Азия” фестивалы 2013-жылы демилгеленип, өткөрүлгөн. Анда баш байгени казакстандык ырчы Димаш Кудайберген жеңип алган. Ал быйыл өткөн фестивалдын сыйлуу коногу катары чакырылды. Иш-чаранын соңунда ага КР эл артисти деген наам ыйгарылды.

















