Баткен шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) Баткендеги филиалынын курулушу июль айында аяктап,пайдаланууга берилет. Бул тууралуу облусттук “Баткен таңы” гезити билдирди.
Бул филиалдын курулуш долбоору 603 млн 500 миң сомго бааланган.Окуу-дарылоо корпусунан тышкары жатакана да салынып жатат. Ага жеке ишкерлер 93 млн сом берген.Мындан тышкары дагы 100 млн сом кошумча сумма бөлүнөт. Бул каражатка заманбап жабдуулар алынары айтылат маалыматта.
Комплекске Баткен мэриясы Чет-Булак конушунан 1 гектар 25 сотых жер тилке бөлүп берген. Курулушка Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 28-июнунда капсула салган.Медакадемия студенттерди окуткандан тышкары көп тармактуу дарт аныктоочу, дарылоочу стационар милдетин да аткарып, УЗИ, МРТ, рентген,ЭЭГ бөлмөлөрү ачылат. Андан тышкары 500 бейтапка ылайыкташкан оорукана да салынат.






















