“Унаа” мамлекеттик мекемеси тарабынан номерлерди сатуу боюнча ачык аукцион өткөрүлдү.
2023-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Унаа” мамлекеттик мекемеси тарабынан колдонулган жана жокко чыгарылган мамлекеттик номерлерди сатуу боюнча ачык аукцион өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин «Унаа» ММдин басма сөз кызматы билдирди.
Аукциондун алкагында 2022-жылдын май айынан 2023-жылдын май айына чейин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин 32 аймактык бөлүмдөрүндө топтолгон жалпы салмагы 69 тонна 30 килограмм жокко чыгарылган жана колдонулган мамлекеттик белгилердин алюминий сыныктары сатыкка коюлган.
Алюминий сыныгынын килограммынын баштапкы баасы 99 сом болсо, аукциондун жүрүшүндө баасы 1 сом 98 тыйынга көтөрүлүп, 100 сом 98 тыйынды түздү.
Аукциондун жыйынтыгы менен 6 млн. 970 649 сомго алюминий сыныктарын сатып алган аукциондун жеңүүчүсү аныкталды. Аукциондон түшкөн каражат мамлекеттик бюджетке которулат.






















