Беш мамлекеттин катышуусунда тартыла турган “Манас” киносунун сьемкасы ушул жылдын июнь айында башталат. Бул тууралуу кино режиссер Өмүрзак Төлөбеков билдирди. Анын айтымында, бюджети дээрлик 150 млн долларды чапчыган тасманы тартууга Америка, Франция, Кытай жана Түркиянын ири кино корпорациялары тартылып, Голливуддун дүйнөлүк жылдыз актерлору роль жарата турган болууда. Каржы маселесин ошол ири корпорациялар көтөрүүгө белсенип жатат. Ал эми чыгарманын ээси катары бешинчи мамлекет – Кыргызстан кинону тартуунун негизги демилгечиси. Өмүрзак Төлөбеков “Манас” киносун чыгаруу боюнча көп убакыттан бери аракет кылып жүргөн. Аны менен акыркы жаңылыктарын сурап, кыскача маек уюштурдук.
– Өмүрзак мырза, саламатсызбы? “Манас” киносун тартам деп чуркап жүрөсүз, акыркы жаңылыктарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз. Анткени сиздин Түркияда атайын келишимге кол койгон видеоңуз жарыяланып калды. Ал эмне болгон келишим эле жана “Манас” киносун тартам деген пландарыңызда кандай жылыштар болуп атат?
– Саламатчылык. 2024-жылдын 1-мартында биздин улуу “Манас” эпосубуздун негизинде 2,5 сааттык “Манас” көркөм фильмин Эл аралык ири каржы корпорацияларынын колдоосу менен тартуу боюнча Түркиядагы бир топ кинолорду тартып жүргөн StarLive компаниясы менен келишимге кол койдук. Башында бюджетти 50 млн., кийин 100 млн деп атканбыз. Анан кечээ дагы сүйлөшүп, бул сумма аздык кылат экен деп, бюджетти 200 млн долларга жеткирүүнү сүйлөштүк. Мүмкүн 150 млн., же мындан да көбүрөөк болуп кетиши мүмкүн.
Анан бул фильм Америка, Франция, Кытай, Түркия жана Кыргызстандын биргелешкен тасмасы болгону атат. Ага дүйнөгө белгилүү кино жылдыздары катышуусу күтүлүүдө. Буйруса, бир жарым жылдын ичинде фильмди тартабыз деп турабыз. 3-4 ай даярдык болсо, 3 ай тартылса, андан кийин 6-7 ай монтаждоо иштери жүрөт. Тартым иштери башталгандан баштап эле уруш-согуш эпизоддорунда компьютердик графикалар колдонулат. Ошону менен 1,5 жылдын ичинде тартып бүтөт деп болжолдоп атабыз.
– Ошондо кино кайсы датадан баштап тартыла баштайт?
– Бизди түйшөлткөн маселе каржы булагын табуу болчу. Ар кандай пландар менен түрдүү варианттарда аракет кылдык. Азыр эми дүйнөлүк чоң-чоң 2-3 корпорация өнөктөш болуп кирди дагы, каржы булактарын такташып атышат. Буйруса, бир айдан кийин даярдык башталат деп турабыз. Март айында каржы маселесин чечсек, апрель-май айларында даярданып туруп, июндун башында тарта баштайбыз деп турабыз. Бирок дүйнөлүк кино жылдыздардын убактысына карап, тартуу убагы жылып да кетиши мүмкүн болуп атат.
– Манасты тартууга каршы чыгып, ыйык нерсеге тийбеш керек деп аткандар да болуп атыптыр го. Аларга кандай жооп берип жатасыздар?
– Буга чейин Кыргыз Драм театрында 40 жыл бою “Айкөл Манас” спектакли коюлуп келди. “Манас” Кытайдагы кыргыздарда да коюлуп келген. Өзбек театрында коюлуп келди. 40 жыл бою коюлуп, Манастын ролун актерлер аткарып, алардын баарынын эле кино сыяктуу видеотасмалары, спектаклдери интернетте турат го. Буга чейин эле кино болуп калган. Экинчиден, Манас атабыз, бул – адам. Адамды эл даңазалайт. Убагында оозеки болду, кийин жазмага өтүп, китепке түштү. Кийин спекталге айланды. Эми киного келди десек болот. Каршы болуп аткандардын айткандары – жомок кылып, апыртып атышат. “Аны тартпаш керек, ал ыйык, тасма кылбаш керек”,-деп. Бирок канча жылдан бери эле тасма болуп калган да.
Анан мен дагы бир нерсени байкадым, тасма кылбаш керек дегендер, бул – Манастын душмандары да. “Тийбеш керек, тийгенди кудай урат, тигил-бул”,-дешет. Алардын ыйык дегени – шылтоо. Ал түгүл Талантаалы Бакчиев да өткөндө: “Семетейди тартам деп, Жоомарт Бөкөмбаев кайтыш болгон”,-дегенде айттым, “Жалил Садыков “Манастын уулу Семетейди” спектакль кылды, “Айкөл Манасты” жасады. Өлүп калбай эле, 80ге чейин жашап, сыйлыктын баарын алып, жакшы жашады го”,-деп. Анан тигинтип айтышканы жомок да баары.
– Кино тартылса, Манастын ролун ким аткарат деп атасыздар?
– Аны карап атабыз. Бир вариантында Брэд Питт, экинчи вариантта Эртугурулду аткарган Энгин Алтан, үчүнчүсү Дуэйн Скала Жонсон. Азыр ошентип 3 вариантты карап турабыз. Анан жакындаганда дагы көрөбүз.
– Европалык түс менен Манастын образын жараткан кандай болуп калат деп турасыздар? Муну сураганымдын себеби, ушундай ойду да илгерилеткендер бар экен?
– Ооба, андай пикирлер бар. Манас өзү азият болсо, анын ролун европалык актерлорго ойнотсок кандай болуп калат дегендер бар. Мен айтам, Манас атабыз Алтайда төрөлгөн. Кыргызда илгери евролыктардын өңүндө болгон. Тарыхта деле айтылып жүрбөйбү, кыргыздын ата-бабаларынын өңү сары, көзү көк болгон деп. Анан экинчиден, бул – Голливуддук версия. Мисалы: Чыңгызхандын 4-5 мамлекет тарткан 19 варианты бар. Ал эми кыргыздар өзүбүз кино тартканда, жалаң кыргыздын актерлерун аткартсак болот. Бирок биз азыр “Манасты” тартканда, дүйнөлүк актерлорду аткартсак, кино дүйнөлүк прокатка чыкканга да жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт экен. Ошол үчүн ушундай аракеттерди көрүп жатабыз.
– Сценарийди ким жазып атат?
– Бул мындай болду. Мен 2012-жылы “Президент жана БОМЖду” тартканда, мени менен бирге жүрүп, Оскарга көрсөткөн Мар Байжиев: “сенин колуңдан келет, сыртта байланыштарың бар, “Манасты” колго албайсыңбы?”,-деп калды. Мен ошондо жооп бергенмин: “Аны колго алганда көп кыйынчылыктар коштолот, киного айлантканда эпос өзгөрүп кетет, трансформацияланганда, бузуп коюптур деп эл айтат”,-дегем. Бирок ал: “Жок, сенин акың бар!”,-деген эле.
Мен даяр сценарий болсо, ошону пайдаланайын деп көп издедим. Раматылык Бексултан Жакиевден, көп жыл театрда иштеген Жаныш Кулмамбетовдон да сурагам. Семетейге да, Манаска да кино сценарий жок экен. Жалил Садыковдун драмасы бар экен, аны “Семетейде” пайдалангам. Бирок “Айкөл Манаска” туура келбегендиктен, Ашым Жакыпбеков жазган “Теңири Манастан” колдондум. Ал жерде Манасты теңирчи кылып салган, бирок мен андайга өткөн жокмун. Мен аны исламга да эмес, теңирчи да эмес, кудайга сыйынган кылдым.
Анан экинчиден, сценарий жазууда мага дагы бир чоң булак жардам берди. Ал – Манастын 1953-жылы чыккан Түгөлбай Сыдыкбеков, Аалы Токомбаев, Касымалы Баялинов, Касымалы Жантөшевдер редакторлук кылган академиялык варианты болду. Анан ошол эле басылма 2021-жылы кайра чыккан экен, ошого таяндым. Кийин Голливуддагылар окуп чыгып, уруш сценалары менен сүйүү көбүрөөк болсо деп талап кылышты. Ошентип жалпысынан эпосту бурмалаганга, бузганга жол берген жокпуз. Негизи бул жердеги биздин кызыкчылык бир гана болуп атат – эпосту экрандаштыруу. Анан албетте, чет өлкөдө миллиардер корпорациялар кирип аткандыктан, 200 миллион доллар менен мыкты тартып, аалам аралатып, миллиард доллар тапса болооруна кызыгышат. Анан да БУУ ( ООН) менен иштешкен бул эл аралык корпорациялар дүйнөлүк чыгарманы ааламга даңазалоого умтүлушат.
– Дагы эмне кошумчалагыңыз келет, мен сурабай калган жагдайлардан болсо, кошумчалап өтсөңүз?..
– “Манасты” качан Голливуд кино кылып тартып, дүйнөгө чыгат экен”,-дечү элек дешип кыргыздар сүйүнүп атышат. Дүйнөнүн көп өлкөлөрү, көп адамдар Кыргызстанды билбейт. Эгер “Манасты” чыгарсак, “Кыргызстан – Манас” деп буйруса, өлкөбүз дүйнөгө таанылат. Бул нерсе – мамлекеттин имиджине жакшы. Анан бир нерсени кошумчалап коюш керек, тиги корпорациялар деле Кыргызстандын мамлекети киришип, акча кошконду каалашкан жок. Анткени мамлекет болгондон кийин өкмөт бар, министрликтер дегендер бар, департамент, “Кыргыз фильм” дегендер кошулат. Макулдашуулар көп болот, андан көрө, ашыкча бюрократиясыз жеке компаниялар тартып, пайдасын көргөн жакшы деп атышат.
Негизи кыргыз элине рахмат, Манас деп, анын урпагыбыз дешет. Бирок бир чындыкты моюнга алышыбыз керек! 99 пайыз кыргыз “Манас” китебин окуп чыккан эмес жана 99 пайыз кыргыз “Манасты” манас айтуучулардын оозунан суткалап, айлап жатып толук уккан эмес. А кинодон буйруса кенен маалымат алышат.
Дүйнөдөгү ушундай улуу чыгарма жаратканыбыз үчүн кыргыз эли менен мен абдан сыймыктанам. Анан мага айтып, айрымдары өткөндө жазышыптыр, “Манас” чыгармасын ушул Төлөбеков акча кылабы?”,-деп. Жок! Пайда түшкөндө, каражат жумшаган тараптар көбүн алышат. Актерлор, мисалы: 1,5-2 айда тартыла турган бир киного Брэт Питт, Скала Жонсондун гонарары 15-20 млн доллар экен. Акчалар ошол жакка кетет.
Анан мен айтып атам, Кыргызстандын да кызыкчылыгы бар депчи. Анткени чыгарманын ээси катары кыргыз маданиятын көтөрүүгө да түшкөн акчадан жумшалат деп атабыз. Негизи элибиз аман болуп, Кыргызстаныбыз өнүксүн! Биз максат кылып атабыз: “Кыргызстан – Манас – Оскар!”,-деп. Буйруса, Оскарды алган актерлор, режиссерлор катышканы жатат. Ошол үчүн “Манас” киносу Оскарга ат салышкан кино болсун деп аракет кылып атабыз!
– Ошол ишке ашсын анда! Ишиңизге ийгилик!
Маектешкен: А.Белеков




















