Жогорку Кеңештин төрагасынын кыргыз тилине болгон камкордугу алкышка арзыйт.
Мындан мурда өлкөнүн маанилүү кызматын ээлеп отурган бир да жетекчи бийик трибунадан кыргыз тилинин эртеңки тагдырынан кеп салалган эмес. Бирок, төраганын мындан мурда Бишкектин төрт районунун аталыштарын кыргызча атоо боюнча демилгеси арабөк калды. Мындай аракет мага окшогон миңдеген жарандардын демине суу бүрктү.
Ал эми балага кыргызча ат ыйгаруу маселесине эч ким каршы эмес. Кайра колдоого алаарлык иш. Бирок, өлкөнүн биртоп аймактарындагы орусча аталыштар өзүнүн тарыхый ысымына кайтпаса, ал эмес кээ бир райондор дале орусча аталып жатса, ооз учунан айтылып калган сөз болуп калбайбы деген маселе.
Мисалы мен жеке өзүм болсо атым, фамилям баары кыргызча.”ов, ев- ова, ева” деген ярлыктардан да кутулгамын. Телефонума “ө, ү, ң” тамгалары өткөн. Балдар, кыздарымын аттары да кыпкыргызча, апа-атамы “мама-папа” дебейм. Менимче, сөздөн мурда ар ким өзүнөн башташы керек.

















