Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен «Манас» эл аралык аэропорту биринчи жолу өз эсебинен эки учак сатып алуу келишимине кол койду.
Аба майданынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Dash-8-400 үлгүсүндөгү учак келишимине расмий кол коюу аземи 10-сентябрда Брюсселде De Haviland Aircraft of Canada өндүрүүчү компаниясы менен болду.
Бул келишимге кол коюуга «МЭА» ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов катышты жана аталган келишим аэропорттун жетекчилигинин чечкиндүү аракеттеринин аркасында ишке ашты.
Бул учактарды алуу Кыргызстандын жарандык авиациясын өнүктүрүүнүн негизги кадамы болуп, ички каттам түйүндөрүн кеңейтүүгө жана өлкөнүн ичинде калкты авиациялык тейлөөнүн деңгээлин олуттуу жогорулатууга мүмкүндүк берет.
De Haviland Aircraft of Canada компаниясы эки учакты келерки жылдын май айында жеткирип бермекчи.
Бул мезгил аралыгында Кыргызстандын мыйзамдарын эске алуу менен жана Кыргызстандын жарандык авиациясынын талаптарына ылайык аларды модификациялоо боюнча иштер жүргүзүлөт.
Учактарды алуу менен «МЭА» ААК социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган, алардын ичинен ички каттамдардагы авиабилеттердин жеткиликтүүлүгүнө жана баасына байланыштуу маселелерге артыкчылык берилет.