Forbes Travel Guide дүйнөдөгү эң мыкты аэропорттордун рейтингин жарыялады.
Аталган уюмдун маалыматына ылайык, Сингапурдун Чанги эл аралык аэропорту дүйнөдөгү эң мыкты аэропорт деп табылды. Бул тууралуу сервистин расмий сайтында айтылат.
Адистердин түшүндүрүүсүндө, бул аэропорт буга чейин да көптөгөн эл аралык сыйлыктарды утуп келген. Анда дүйнөдөгү эң бийик жабык шаркыратма, түнкү кинотеатр, көбөлөк жана бамбук бакчалары, ошондой эле чатырда жайгашкан бассейн жана джакузи бар — туристтер учуп жаткан учактарды көрүп эс алууга мүмкүнчүлүк алышат.
АКШдагы эң мыкты аэропорт наамы Нью-Йорктогу Ла-Гуардия аэропортуна ыйгарылды. Ал кеңири конуу залдары жана заманбап архитектурасы менен өзгөчөлөнгөн.
Буга чейин Forbes Travel Guide дүйнөдөгү эң мыкты авиакомпания деп Дубайдын Emirates компаниясын атаган.
Ал эми АКШдагы эң мыкты авиакомпания болуп Delta Air Lines тандалган.












