Россиянын Мамлекеттик Думасынын «Жаңы адамдар» фракциясы мигранттардын иштебеген үй-бүлөсүнөн акы төлөп жашоо режимин киргизүүнү көздөөдө.
Мамдуманын «Жаңы адамдар» фракциясынын жетекчиси Алексей Нечаев, фракциянын төрагасынын орун басары Сардана Авксентьева жана депутат Амир Хамитов ички иштер министри Владимир Колокольцевге кайрылуу жөнөтүп, иштебеген мигранттардын үй-бүлөлөрү үчүн Россияда акылуу жашоо режимин киргизүүнү сунушташканын ТАСС билдирди.
Фракция өкүлдөрүнүн айтымында, бул чара мамлекет менен коомдун кызыкчылыктарын тең салмактоого, бюджеттин салыктык эмес кирешелерин көбөйтүүгө жана легалдуу ишке орношууга түрткү берет.
Депутаттар белгилегендей, мигранттардын үй-бүлөлөрү инфраструктура жана социалдык кызматтарды колдонушат, бирок өлкө экономикасына түз финансылык салым кошушпайт, бардык чыгымдар федералдык жана региондук бюджеттердин мойнуна жүктөлөт.
Август айында Мамдуманын кароосуна мигранттардын балдарына Россиядагы мектептерде бекер билим алууга тыюу салган мыйзам долбоору киргизилген. Долбоордун авторлорунун баамында, учурда Россиядагы мектептерде 900 миңден ашык орун жетишпейт. Айрыкча активдүү курулуш жүрүп жаткан райондордо бул көйгөй курч сезилүүдө.
Чет элдиктер үчүн акы төлөп окууну киргизүү бюджеттик каражатты үнөмдөөгө, мугалимдерди кошумча каржылоого, мектептерде ыңгайлуу шарт түзүүгө жана чет өлкөлөрдө орус тилин окутуунун популярдуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет деп эсептешет долбоордун авторлору.
Буга чейин мигранттарды жумушка орноштурууда квота киргизүүнүн кесепеттери айтылган.


















