Тармактык комитет мал уурулукка байланыштуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карады.
Бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында “Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына (Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, колдоо тапты. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү
Мыйзамдын демилгечилери Жогорку Кеңештин депутаттары М.Абдалиев, К.Талиева, С.Өмүрзаков, М.Саккараев, Г.Култаева, Ш.Атазов, А.Исатбек кызы, Ж.Кыдыкбаев, А.Козуев, М.Маматалиев, Б.Түлөбаев.
Мыйзам долбоору республикада, анын ичинде айрыкча, айыл жерлеринде мал уурдоо кылмыштарын болтурбоо же азайтуу максатында демилгеленип жатат. Кылмыш-жаза кодексинде жана Укук бузуулар жөнүндө кодексинде мал уурдоо кылмышы үчүн жоопкерчиликтин белгилениши, бул түрдөгү кылмыштарды азайтууга шарт түзөт.
Кылмыш жаза кодексинин 205-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн уурулук жосунун өзгөчө ири өлчөмдө, уюшкан топ тарабынан жана кылмыштуу коомдоштуктун курамында жасалган учурда күнөөлүү (айыпкер) адамдардын мүлкүн конфискациялоо жоопкерчилиги каралган.
Ошондой эле, комитет отурумунда «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана Үй-бүлө кодексине, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов. Ал белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты жана милдети эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж болгон ата-энесин багуудан качкан эмгекке жөндөмдүү бойго жеткен балдардын жазасын күчөтүү жана алардын мамлекеттик кызматта болуусун чектөө болуп саналат.
Тазабек Икрамов ушул мыйзам кабыл алынса ар бирин жаран багып өстүргөн ата-энесин кароосуз калтырбоого шарт түзөт деп ишенерин белгиледи.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаевдин маалыматында, учурда республика боюнча 6 карылар үйү жайгашып, анда 724 кары жашайт.
Талкуунун жүрүшүндө, депутат Эмил Жамгырчиев карылар үйүндөгү жашоочулардын санын азайтуу жагын карап чыгууну министрликке айтып, мүмкүн болушунча бул жакка келбегендей иш-чараларды көрүүгө чакырды.