Ички иштер министрлигинин буйругунун негизинде 2023-жылдын 15-сентябрынан 17-сентябрына чейин министрликтин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын бөлүктөрү тарабынан республиканын бардык аймагында “Мал ууру” аталыштагы ыкчам-алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Аталган иш-чаралардын жүрүшүндө уурдалган малдын этин мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктоо максатында Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматы менен биргеликте мал базарлар, касапканалар, цехтер, тери кабыл алган жайлар менен кошо этти сатып алуу жана сатуу менен алектенген жарандардын иши да текшерилди. Рейддерди өткөрүүдө аймактык ички иштер органдарынын кызматкерлеринен кошумча мобилдик топтор жөнөтүлгөн.
Жыл башынан бери 466 мал уурулук фактысы катталган. Анын ичинен 328 уурулуктун бети ачылып, 39 кылмыштуу топ кармалган.
Андан сырткары, ири мүйүздүү жана майда малдардын эттери дүңүнөн ташылып келип турган ири соода-базар комплекстеринин аймактарында рейддер жүргүзүлдү.
Эске салсак, учурда өлкө аймагында тери астына салынган биркаларды жана микрочиптерди колдонуу менен жаныбарларды (бодо малды, жылкыны) идентификациялоо жана көзөмөлдөө боюнча жакшыртылган программаны колдонуу ишке ашырылып келет.






















