Дагестандын борбору Махачкаладагы май куюучу жайда болгон жарылуудан каза болгондордун саны 35ке жетти. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар кызматынын өкүлү РИА Новостиге билдирди.
«Урандылардын алдынан дагы эки адамдын сөөгү табылды», – деп айтылат маалыматта. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги да тастыктады.
Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги окуядан 33 адам, анын ичинде үч бала каза болгонун билдирген.
Жарылуу болгон учур видеого түшүп калган
Ведомствонун маалымат кызматы билдиргендей, Махачкаланын ооруканаларында 63 адам жатат, алардын 16сы балдар. Жабыркагандардын 11и, анын ичинде эки баланын абалы оор деп айтылды. Дагы 17 адамга амбулатордук медициналык жардам көрсөтүлгөн.
14-август күнү кечинде Махачкаланын четинде автосервистин имараты өрттөнүп, өрт май куюучу жайга өтүп, андан кийин жарылуу болгон. Өрттү өчүрүүгө төрт саат убакыт кеткен.Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө бир миллион рублдан берилет.
15-август Дагестанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.
Күйүп кеткен унаалар: жарылуунун кесепеттери


















