Бүгүн, 6-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Ош облусунун Араван районундагы Көк-Жар бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келген Рысбаев Равшанбек Рысбаевич ант берди.
Эскерте кетсек, ал мурдагы депутат Өмүрбек Бакировдун ордуна келди.
Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбек Бакировду депутаттык мандаттан ажыраткан. Буга соттордун чечими негиз болгон.
Эске салсак, парламенттик шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрында өтүп, Көк-Жар округунан Өмүрбек Бакиров утуп чыккан. Аны менен депутаттыкка ат салышып, экинчи орунду ээлеген Равшан Рыспаев декабрда Бакировду “добуш сатып алган” деп мурда жабылган ишти кайрадан кароо үчүн Бишкек шаардык административдик сотуна арыз жазган. Анын негизинде иш кайра жандандырылып, Бишкектин административдик соту 7-июнда Бакировду депутаттык мандаттан ажыратуу чечимин кабыл алып, кийин Бишкек шаардык соту да, Жогорку сот да бул чечимди күчүндө калтырган.