Беларуста 2020-жылдагы президенттик шайлоодон кийинки нааразылык акциялары кайталанбайт.
BELTA билдиргендей, бул тууралуу президент Александр Лукашенко Минскиде өткөн «Биримдик марафону» иш-чарасында билдирди.
«Биздин бардык каршылаштарыбыз жана душмандарыбыз түшүнүшү керек: үмүтүңөрдү үзгүлө, биз 2020-жылы болгон окуяны эч качан кайталабайбыз»,- деди ал.
Республика, анын айтуусунда, «чыныгы демократиянын жана адам укуктарын урматтоо жолунан эч качан бурулбайт».
Беларус бийликтери «эч кимдин оозун жаппашы керек» жана аларды «өздөрү каалабаган жакка күч менен сүйрөбөшү керек» . Өлкөдө «адамдар бири-бирин сыйлай турган адилеттик коому түзүлөт»,- деп кошумчалады Лукашенко.
Белгилей кетүүчү жагдай, 26-январда Беларус Республикасында президенттик шайлоо өтөт. Ага учурдагы мамлекет башчы Александар Лукашенко да 7-ирет катышууда.

















