Беларустун президенти Александр Лукашенко Батыш КМШ өлкөлөрүн “ар тарапка чачыратып, алсыратып жана өз кызыкчылыктарына баш ийдирүү” аракеттерин таштай электигин Бишкектеги КМШ өлкө президенттеринин саммитинде билдирди.
“Шериктештикти түзүүнүн негизги максаты Советтер Союзу кулагандан кийин алакалардын үзүлүшүнө жол бербөө болгонун эске сала кетейин. Бул биздин атаандаштарга жаккан эмес, азыр да жакпайт. Батыш бүгүнкүгө чейин бизди ар тарапка чачыратып, алсыратып жана өз кызыкчылыктарына баш ийдирүүгө аракет кылууда”, – деп билдирген Лукашенко.
Анын сөздөрүн Беларусь президентинин басма сөз кызматына жакын «Пул первого» Telegram-каналы келтиргенин ТАСС жазды.
Буга чейин Лукашенко КМШны сактап калуу үчүн иштөө зарылдыгын билдирген. Ал Шериктештик өлкөлөрүнө каршы чыныгы гибриддик согуш башталганын, Украинадагы жаңжал жөн гана шылтоо экенин баса белгилеген.
Бүгүн Бишкекте КМШ мамлекет башчыларынын саммити өтүүдө. Ага президент Садыр ЖАпаров, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, ошондой эле КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев катышууда.
Быйыл КМШга мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин саммити Кыргызстандын төрагалыгы астында өтүп жатат. Бул жолку саммитке Армениянын премьер-министри Никол Пашинян келген жок. Ал бир катар жагдайлардан улам саммитке катыша албай турганын саммиттин алдында президент Садыр Жапаров менен болгон телефондогу сүйлөшүүсүндө билдирген.



















