Кунарсыз жайыттардын абалын жакшыртуу максатында, Орусиядан 99 тонна 500 кг жайыт үрөнү сатып алынып, Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаменти тарабынан өлкөдөгү айыл өкмөттөрдөгү жайыт комитеттерине таратылып берилди.
Учурда ар аймактардагы климаттык шартка жараша атайын графиктер менен үрөндөрдү себүү иштери жүрүп жатат.
Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Үрөн себүү иштери жалпысынан 90%га аткарылды. Мисалы, облустар боюнча алып караганда: Нарын облусу – 1463 га, Ош облусу – 2016,6 га, Жалал-Абад облусу – 2454 га, Ысык-Көл облусу – 1123 га, Чүй облусу – 554 га, Талас облусу – 507 га, Баткен облусу – 832 га. жерге үрөн себилди. Жалпысынан өлкө боюнча 8 950 га жайыт аянтта иш жүрдү.
Белгилей кетсек, президент С.Жапаровдун тиешелүү жарлыгына ылайык, жайыттарды жакшыртуу максатында, ушул жылдын 26-апрелинде Министрлер Кабинети атайын тескемеси чыккан. Анда жайыт чөптөрдүн үрөндөрүн сатып алуу жагы тапшырылган. Анын алкагындан 10 жылдын ичинде өлкөдөгү бардык жайыт жерлерине жайыт үрөндөрүн себүү пландалган.



















